Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 22.07.2016 12:45

Ошто унаа уурдап бараткан адам милиция кызматкерин бычактады

Turmush -  Бүгүн, 22-июлда таңкы саат 05:30да Кара-Суу РИИБдин милиция кызматкери бычакталды. Ош облустук милициясы билдиргендей, Кара-Суу шаарынан «Тико» унаасын айдоочудан күч менен тартып алган белгисиз адам качып кеткен. Бул маалымат Кара-Суу районунда кызмат кылган патрулдук милицияга жетип, «Тико» унаасынын артынан кубалап чыгышкан.

Катуу ылдамдыкта качкан унаа Ош шаарына кирип, базардын ичиндеги соода орундарын сүзүп токтогон. Патрулдук милиция кызматкери токтогон унаанын эшигин ачканда ичиндеги кылмышкер анын көкүрөгүнө бычак сайганга жетишкен.

Бычакталган милиция кызматкери ооруканага жеткирилди. Ал эми кармалган жаран сурак берүүдө.
Учурда милиция кызматкеринин абалы канааттандырарлык.

Кармалган жаран 1990-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну болуп чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×