Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баракелде, Дүйнө 22.07.2016 10:30

Фото - Пекинде массалык түрдө электр берүүсү үзгүлтүккө учурады

Turmush -  Кечээ, 21-июлда Кытайдын Пекин шаарында жааган жаандын кесепетинен массалык түрдө электр берүүсү үзгүлтүккө учурап, 100дөгөн рейстер токтоп, айрым метростанциялар жабылып калды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Элдерге таш кулоо, сел жүрүү, көчкү коркунучтары тууралуу эскертүүлөр берилип, өтө коркунуч жараткан жерлердеги адамдар эвакуацияланууда.

Ляонин провинциясынын Хулудао шаарында эң кооптуу «кызыл» даражасы жарыяланып, 12 миңдей адамдар көчүрүлдү. 3 миң турак-жайлар жабыркап, 363 чакырым жолду суу жэп кетти, 128 көпүрө жараксыз абалга келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×