Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 21.07.2016 12:56

Эгин талаада баңгизат терип жүргөн адам кармалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абаддагы эгин талаада кара куурай терип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда кечээ, 20-июль күнү саат 12:00 чамасында Шамалды-Сай шаарчасына бурула бериш жердеги аялдаманын күн чыгыш тарабындагы эгин таалада Бишкек шаарынын 42 жаштагы тургуну К.А. кара куурай терип жүргөн жеринен кармалган. Ал 15 кг кара куурай терүүгө жетишкен.

К.А. буга чейин бир нече соттолгондугу аныкталды. Учурда терилген кара куурай өсүмдүгүнө соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×