Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусу 20.07.2016 11:00

Аксыда 22 жаштагы жигиттин унаасынан револьвер менен баңгизат табылды (фото)

Turmush -  Аксыда 22 жаштагы жигиттин унаасынан тапанча жана баңгизат табылды. Бул тууралуу Аксы РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-июль күнү саат 17:00 чамасында Аксы районунун Кербен шаарында «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү автоунаа текшерилип, ичинен 2 огу менен SKS «Домино 308» үлгүсүндөгү револьвер тапанча, 17 грамм салмактагы гашиш табылган.

Унаанын 22 жаштагы айдоочусу Кара-Көл шаарынын тургуну экендиги аныкталды. Аталган факт боюнча КРнын КЖКнын 246-беренесинин 3-бөлүмү менен кылмыш иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда ок атуучу куралды кайдан алганын жана ошондой эле башка кылмыштарга тиешеси боюнча ыкчам териштирүү жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×