Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Талас облусуТалас району 20.04.2016 10:16

Элдик уламыш: «Манас» дастанындагы 3 адамдын кучагы жетпеген чынар терек (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Токой айылындагы Талас токоюнун ичинде 3 адамдын кучагы жетпеген 2 чынар терек бар. Теректи көрүү үчүн келгендер арбын. Бул чынар терекдин тарыхын билүү үчүн айылдыктарды кепте тарттык.

Кабарчынын суроолоруна Көк-Токой айылындагы «Чынар терек» мазарынын кароолчусу Кылычбек Курманбаев жооп берди. 

- Сиз Чынар терекке кантип кайрылып калдыңыз?

- Менин ушул жолду билип калганыма катуу ооруганым себеп болду. 3 күнгө чейин уктабай, дарыгерге бара жатсам алдымдан Чачыкей апа чыгып, «Эй Кылычбек, каякка бара жатасың?» деп сурады. Дарыгерге бара жатканымды айтсам «Сен ал жакка барбай эле кой, тукумуңда, апаңда кыргызчылык бар экен, сен биринчи Чынар терекке бар, зыярат кыл» деди. Ошондо жуманын үчүнчү күнү эле. Эмне кылып зыярат кылам десем, жети токоч алып барып, Куран окуп, бир аз отуруп кетүү керектигин айтты. «Бейшемби күнү Манастын күмбөзүнө бар, мен да ошол жерге барып калам», - деди. Ошентип мен зыярат кылдым, оорум кичине басаңдап калды.

Бирок көп жөтөлчүмүн. Эртеси күнү Чынар терекке бардык, таң калганым ошол күнү дары ичпей эле жөтөлүм басылды. Анан ал киши «Сен 7 мазар басышың керек, бейшемби күндөрү бас», деп калды. Мазар басуу бир далай убакытты алат экен. Мазардын касиеттери тууралу түшүнүк боло баштады. Мазарды туура эмес басып алсаң, туура эмес иш кылсаң анда зыянын тартып калуу мүмкүн экендигин сездик.

- Сизге чейин чынар теректе кароолчулар бар беле, сиз канча жылдан бери кароолчусуз?

- Мага чейин эч ким болбоптур. 5 жылдан бери мен кароолчумун. Менин дайыма чынар терекке барып турганыма 12 жыл болуп калды.

Мен бул жерге кароолчу деле эмесмин, тегерегин тазалап коем. Бирөөлөр келип чүпүрөк байлап жатса, байлабагыла дейм. Туура эмес мамиле кылгандар болсо өз билгендеримди айтып турам.

- Аталган мазар кайсы ооруга даба экенин билесизби?

- Кыйналып барган адамдын кандай гана тилеги болсо да, ниети таза адам болсо, тилегин Алла кабыл кыларын сездим. Перзент сурап барса, перзент берет. Ушул мазарга өзүбүздүн айылдын эле кызы, төрөбөй калган аял келет экен. Түшүндө ушул Чынар теректи көрүптүр. Анан зыяратка барайын деп келет. Келип зыярат кылып, бата тилеп кете баштаганда 2 чымчык чырылдап келип, 2 эмчегине конуп калат экен. Бирөө чычып жиберет да, бирөө чычпайт. Экөө тең учуп кетет. Ошол келин жыл айланбай эгиз бала төрөйт. Эгиз баланын бирөө чарчап калып, бирөө аман калган.

Бала сурап келсе бала, ден соолук сурап келсе ден соолук, үй-бүлөсүнө, бала-чакасына дүнүйө-мүлк сурап келсе аны да берет. Кыскасы кайсы гана мазарга барбагын, түшүңө аян берип күтүп жаткан болсо, Алланын бир жакшы иши болот.

- Бул мазардын тарыхын билесизби?

- Менин угушумда бул терек чыныгы чынар теректин түбүнөн чыккан кийинки терек экен. Ага 3 адамдын кучагы жетпейт. Мурунку чынар терек жок болуп калган экен. Ал эми бүбү-бакшылар бул чынар теректи Манас ата сайган деп айтышат. Мен өзүм так айта албайм. Бир билгеним – бул жерде касиет бар. Анткени ошол жерге барганда денем дүрүлдөп, бир башкача сезим болот. Мындай сезим ар кимге эле бериле бербейт. Сезимтал адамдарга билинет.

- Бул аймакка канча киши келет?

- Мурда ар кайсы жактан жума сайын, эки жумада бир келип турушчу. Бул жерге чынар терек кандай болду экен деп кызыгып келгендер, аян аркылуу келгендер бар.

- Канча балаңыз бар?

- 1 эркек, 4 кыз.

 Чоңмурунова Чачыкей 70 жашта,  Көк-Токой айылындагы «Чынар терек» мазарынын шайыгы

IMG-20160420-WA0011

- Шайыктык жолго кантип келдиңиз?

- 21 жашымдан баштап мазар басып, айылга жакын жердеги мазарга болгон элдин каттамын көрүп, мазардын ыйыктыгын түшүндүм.  Манас атанын китебин окуп, китептен Айчүрөк апанын конгон жери — Таластагы токойдун ичиндеги чынар терек экендигин билгем.

Ошондо менде толкундоо сезими башталды. Чынар терекке көп барчу болдум. Энергияны көп алдым. Андан улам чынар теректи байырлап калдым. Чынар теректин касиети күчтүү да. Чынар теректин дүмүрү ак болуп турчу экен. Ал Манас атанын убагынан бери кичинеден жок болуп отуруп, азыркы терек андагы дүмүрдөн чыккан терек экен.

- 21 жашыңыздан тартып мазар басканыңызга эмне түрткү болду?

- Көп жыл оорудум, кыйналдым. Мени ыйык күч абдан бийик жерден бастырып койду. Бейшекелик Бейшенаалы калпа менен Чаткалга барып, Чаткалга баргандан кийин эле мендеги нерсе өөрчүй баштады. Өзүмдө жаш кезимден тубаса нур бар экен. 21 жашымдан баштап нур менен карап жатам. Намаз окуганды үйрөндүм. Колум менен кармап дем салам. Кисталарды, миомаларду, бүт эле ооруларды карайм. Бирок айыктырдым деп айта албайм. Бардыгы Кудайдын шыпаасы менен болот. Айтор кирген пенде кур кетпейт. Айылдагы бала-чака түгөл мага кайрылышат. Бишкектен итий болгон балдар келет. Былтыр Ошко барып келдим.

- Бул мазарга канча жылдан бери шайыксыз?

- Айгине тобу келгенден бери. Куран окуп, тегерек-четин тазалап жаттым, суу алып келиш, арык салыш колумдан келбейт, колдон келсе ичине бак-дарак, арча тиксек деп коем. Анан Манас атанын күмбөзүнө байырлап жүрдүм. Манас атанын күмбөзүнүн айланасына үйдөн 5 жылдык арчаны алып келип тиккем. Азыр өсүп турат. 2001-жылы үйдөн жаңгак өндүрүп келип, бир түп жаңгакты Манас атанын күмбөзүнүн бет маңдайына отургуздум. Азыр өсүп калды, кийинки жылы мөмө түйөт. Ошентип өзүмдү мазарларга жакын сезем. Мен үйдө болбой, ушул мазарда болсом дейм.

- Мазарга барганда өзүңүздү кандай сезесиз?

- Өзүмдү мусулман катары сезем. Бирок элге жакшылык тилейм. Бир нерселерди көрөөр-көрбөсүм купуя сыр. Ал мазарга эртең барам дегенде, бир күн мурун берилип калат. Мисалы талмалуу, калтырак баскан кишини көрөсүң. Анын элеси сага бир күн мурун келген болот. Калтырап-титиреп, ачууң келип калат, туталанасың.

- Өзүңүзгө келген адамдарды мазарларга алып барасызбы?

- Алып барам. Төрөбөгөн аялдарды да алып барам, 11-12 жыл төрөбөгөндөр төрөп кетишет.

- Өзүңүзгө да дем сала аласызбы?

- Сала албайм. Ооруп калганда дарыгерге көрүнбөйм. Өзүм аракет кылып кетирем.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×