Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Нарын

Ой-пикир: Максатына жетпеген жыйын, - К.Усуптегин, Нарын облусу

Turmush -  Бүгүн, 29-мартта Нарын облустук өкүлчүлүктүн жыйындар залында Бишкек—Нарын—Торугарт эл аралык унаа жолунун салынышына тиешеси бар бир катар тармактардын жетекчилери, бул жолду куруп жаткан кытайлык «Синогидро» компаниясынын өкүлдөрү, жолду көзөмөлдөгөн адистер тобу менен өкүл Аманбай Кайыпов жыйын өткөрдү.

«Быйыл жаз эрте келгендиктен Бишкек—Нарын—Торугарт жолун кайрадан оңдоо жумуштары да эрте башталды. Бирок мен жер-жерлерге барып, эл менен сүйлөшкөндө негизинен ушул жол боюнча 3 маселе көтөрүлдү. Мисалы Кур-Теректе кошумча жерлер казылып, түтүктөр орнотулса, тиешелүү эмес жерлерден карьерлер казылып жатыптыр. Үчүнчүдөн «Максат» деген коом электр чубалгыларын тартар алдында аны долбоор аяктаганда калтырып кетишмек экен. Бирок алар кайра алып кетебиз деп жатышыптыр.

Ошону менен катар быйыл долбоор боюнча жолдун кайсы бөлүгү биринчи курулуп башталары тууралуу бизде толук маалымат жок. Ушундан улам биргелешип сүйлөшүп алалы дедик», - деди жыйынды ачкан облус жетекчиси.

Бирок жыйынга Нарын районунун акими менен Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы келбегендиги белгилүү болду. Ошентип атайын отурумдун мааниси максатына жетпей калды.

«Жолду кайрадан оңдоого катышкан көтөрмө ишканалар кимдер? Алардын айрымдары жумушту толук аягына чыгарбай кетип калат экен. Мунун кесепетинен унаалардын дөңгөлөктөрү жарылууда. Мен Бишкекке баратып 5 унаанын дөңгөлөктөрү жарылып, жолдо турганын көрдүм. Кайра келе жатсам да ошондой көрүнүш. Мисалы Кызыл-Белдеги 500 метр жерде былтыр 3 ай бою иш жүрдү. Эмгекчил айыл аймагындагы жолду адис эмес курулушчулар куруп жатат», - деп кошумчалады өкүл.

Облус жетекчисинин мындай пикирине кошулган облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Бейшенаалы Боогачиев аталган аймакта жол курулушун жүргүзүп жаткан ишкананын атайын техникалары да жок экенин белгиледи.

«Деги көтөрмө ишканаларды ким тандап, кандай негизде иштейт? Эмне үчүн алар мөөнөттөрүнө чейин иштешпейт?» - деген өкүл, суроосуна канааттандырарлык жооп ала алган жок.

Жыйынга катышып жаткан «ТИМ интернейшнл» көзөмөл ишканасынын өкүлү Хайдар Хусейн аттуу мырза иштин жүрүшүндө кемчиликтер орун алып жатканын моюндады.

Ал өткөн жылдагы жол жасоо жараянында кетирилген кемчиликтер тууралуу көрсөтмөлөр берилип жатканын, Долон ашуусундагы бир нече чакырым аралыктагы жол кайрадан асфальттала турганын белгиледи.

«Бизде көпүрөлөр чоң көйгөй жаратууда. Ушул боюнча жардам берсеңиздер», - деди ал облус башчысына кайрылып.

«Жалпы координациялык иш жок экен. Ар кимиси өз алдынча иштеп жаткандыгынын кесепетинен жол сапаттуу бүтпөй калышы мүмкүн. Ошондуктан бир жумадан кийинки жыйынга бардык тараптар, «Синогидронун» дагы жооп берүүчү кызмат адамдары толук катышкандай болсун. Чогулуп сүйлөшүп, абалды Кызыл-Белден Долонго чейин жеринде көрүп чыккандай бололу», - деп сөзүн жыйынтыктады А.Кайыпов.

Жазган: Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу.

              Автордун стилистикасы сакталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11515
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×