Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 28.03.2016 11:59

Элдик уламыш: Жети акенин бири — Карач аке чыккан Түптүн Жылуу-Булак айылы (фото)

Turmush -  Түптөгү Жылуу-Булак айылы башталган жердеги тоонун боорунан жылуу суу чыккан булак агат. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Талапкер Кошкеевдин айтымында, айылдын аталышы ал булак менен байланыштуу.

«Биздин айыл чакан болгону менен жети акенин бири Карач аке, Балбай баатыр менен бирге сырт душмандан эли-жерин коргоп келген Өмүр баатырлар чыккан. Экөө тең Шапак баатырдын урпактары болгон. Ордобай жана анын баласы Матыбай заманды алдын ала сезе билишкен Калыгул олуядан кем болбогон инсандар эле. Ал эми сатирик акын Жолочу Рысбаевди тааныбаган адам Кыргызстанда жоктур», - дейт Т.Кошкее.

Ал белгилегендей, айылда жаңы мектеп курулган жана ФАП иштейт. Ал эми айылдагы «Сүт булак» сыр заводу күзүндө 20 жылдыгын белгилейт.

«Сыр завод Жылуу-Булактагы жылуу сууну пайдалангандыктан анын сырлары Казакстан менен Россияда көп талап кылынат. Кээ бирлер айылдын уюшулганына 100 жыл болду дешсе, айрымдар андан да көп жыл болгонун айтышат», - деди Т.Кошкеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×