Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусу, Нарын 17.03.2016 13:10

Ой-пикир: Өгүз өлгөн, араба сынган, - К.Усуптегин, Нарын облусу

Turmush -  Нарын шаарына бир катар министрлик менен түзүмдөрдүн атка минерлери келип, коомчулук менен жыйын өткөрдү. Анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көйгөйлөрү, электрге төлөмдөр, насыялар, билим берүүдөгө жагдайлар, жайыт, сугат системалары башкы маселе катары каралды.

Чогулушту ачкан облус жетекчиси Аманбай Кайыпов өкмөттүк топту айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жетектеп келгендигин маалымдап, катышуучуларды ачык айкын баарлашууга чакырды.

Өз сөзүндө Ж.Керималиев өткөн жылдагы жетишкендиктерге кеңири токтолуп, алдыдагы багыттар тууралуу баяндама жасады.

«Быйылкы жылда логистикалык борборлорду, мал союучу жайларды курууну, сугат системаларын оңдоону, күнөсканаларды көбөйтүүнү, 31 айылда асыл тукум малдардын санын көбөйтүүнү ишке ашыруу үчүн иштеп жатабыз. Нарын облусунан 3 айыл асыл тукум малдардын санын көбөйтүү долбооруна кирди. Малдын 6 оорусуна карата вакциналар мамлекет тарабынан камсыздалат. Ал эми айыл чарбасына жеңилдетилген насыялардын суммасы 5 миллиард сомго жеткирилет», - деди топтун башчысы.

Нарын районунун Жан-Булак айылынан келген Чынара Ыйманалиева майып жарандар кыйынчылыкка тушукканын, жөлөк пулдар жетишсиз экендигин, ооруган баласын баккан энелерге пенсия чектөө зарылдыгын белгиледи. Бул суроого эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Эрик Күйкеев жооп берди.

«Жылына 4 миллиард сом жөлөкпулдарга төлөнөт. Албетте жөлөкпул берүү менен биз айрым катмардагы калкты жакырчылыктан чыгара албайбыз. Бирок бюджетке жараша жардам акчалар берилүүдө. Майып баланы баккан энелерге да төлөм төлөө жагы учурда талкууланып жатат», - деди Э.Күйкеев.

Ал эми электрге төлөмдөрдү бирдиктүү 1 сом 20 тыйындан гана төлөө тууралуу сунуш четке кагылды.

Өкмөт алдындагы отун-энергетикалык комплекстерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкери көпчүлүк жарандар ай сайын 700 кВт саат электр кубатын пайдаланышарын, ошондуктан азыркы тариф өзгөртүлбөстүгүн жана жакынкы аралыкта электрге баалар көтөрүлбөстүгүн маалымдады.

Нарын шаардык кеңешинин депутаты Автандил Молдосалиев билим берүү системасын өзгөртүүнү, мектеп директорлорун ар 10 жылда ротациялап турууну сунуш кылды. Мындай жүйөөгө билим берүү жана илим министринин орун басары Нурмамат Эсенгулов кошулуп, мектеп жетекчиси 10 жыл жакшы иштесе аларды которуштуруу зарылдыгын, ал эми 65 жаштан өткөн жарандарды мектептин директору кызматына койбоо боюнча сунуштар жасалып жаткандыгын билдирди.

Нарын шаарындагы калкты таза суу менен камсыздоого керектелүүчү 3 млн 400 миң сом каражатты республикалык бюджеттен чечүү маселеси ачык бойдон калды. Ошондой эле сугат сууну камсыздоого карата көтөрүлгөн маселелер арасат абалда калды.

«Биздин айыл аймактагы 698 гектар аянт гана сугат суу менен камсыздалган. Эгер Үч-Чат деген каналыбызды толук оңдоодон өткөрсөк, 1200 гектар аянт сугарылмак. Ошондуктан өзүбүз аракет кылып, 23 млн 600 миң сомдук долбоор жазып, тендерди да өткөрдүк. Бирок 8 млн 600 миң сом жетпей жатат. Ушул каражатты чечип бере аласыздарбы? Калган акчаны айыл өкмөт тапты. 2-маселе — бизге Солтон-Сары кен ишканасынан мыйзам чегинде 2% каражат түшчү. Эми ал акчанын 80%ы берилбей калды», - деп билдирди Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагынын башчысы Эсенбек Кылжыров.

Ушундай эле сугат боюнча суроолор Ак-Талаа районундагы Жаман-Дабан каналы жана Жумгал районундагы Боз-Тектир суу сормо бекети тууралуу берилди.

«Бюджеттин тартыш экендигин билесиздер. Төшөктү ылдый тартсак башыбыз ачылып, өйдө тартсак бутка жетпей калууда. Бирок 3-4 инвестициялардын келүүсү күтүлүүдө. Алар ишке ашып калса, мындай долбоорлорду сунуштайбыз», - деп жооп берди Ж.Керималиев.

Нарын райондор аралык жылуулук берүү ишканасынын директору Улан Айтиев дагы жылуулук үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттар кеч которулгандыктан электрге төлөмдүн үстөк каражаты эле 36 млн сомго чыккандыгын билдирген суроосуна толук жооп ала албады.

Жазган: Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу.

           Автордун стилистикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×