Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 17.03.2016 12:39

Ой-пикир: Миң-Куш — кечээ, бүгүн жана эртең, - К.Усуптегин, Нарын облусу

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагындагы урандын уулуу калдыктары көмүлгөн жайлар акырындык менен көчүрүлмөй болууда. Ал эми айылдын мындан аркы багыттары тууралуу өзүнчө программа да кабылданып жатат. Бул тууралуу аталган айылда болуп өткөн атайын жыйында кеп болду. Анткени 4 жерге көмүлгөн уулуу уран калдыктары эл аралык маанидеги экологиялык коркунучтарды жаратып жаткандыгы бир эле миң-куштуктарды, жумгалдыктарды же Кыргызстанды эмес, коңшулаш өлкөлөрдү да бушайманга салууда. Мындан ары Миң-Кушта эл жашайбы же көчүрүлөбү деген суроо да күн тартибинин башкы жагдайынан каралды.

Калдыгың менен камыраң кал

Артка бир саам кылчайып тарыхка кайрылсак, 1949-жылга чейин бул ажайып кооз өрөөн жалпысынан Кабак деп аталып келген. Ошол учурда жергиликтүү тургундарга кийин ушул кокту гүлдөгөн шаарга айланып, кийинчерээк талкаланып, жашоочулары жакырчылыкка кабылат деп кимдир бирөө көзү ачыктык кылып айтса, балким бир дагы адам ишенмек эместир. Ошентип 1949-жылы негизделген Миң-Куш шаарчасында учурунда 15 миңге чейин адам жаша, эмгектенген.

Кууш капчыгайда өзгөчө шаарчанын салынышына уран кенинин табылышы негизги себеп болгон.

Миң-Куш сыяктуу жерлерден казылган урандан албетте СССР атомдук бомба даярдап, космос кораблдерин асманга учуруп турган. Же болбосо Кеңеш өлкөлөр биримдиги өлкөсү жылына 16 миң тонна уран өндүрчү экен.

Биз көрсө учурунда Ю.Гагаринди космоско учуруш үчүн иштептирбиз. Азыр минтип кароосуз шаарчада жашап калдык, дешкен болчу бир курдай Миң-Куштан бизге жолугуп кептешкен эки жаран. Эми болсо уулуу уран калдыктары чекеге чыккан чыйкан болууда.

Облустук өкүлчүлүк билдирген маалыматка үңүлсөк, Миң-Куш айылында 1955-1969-жылдары уран өндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп, жыйынтыгында аймакта 4 калдык сактоочу жай (Туюк-Суу, Талды-Булак, Как жана Алыскы), 2 шахта, 10 тоо кенин иштетүүдөн калган таштанды жайлар пайда болгон. Уулуу заттардын калдыгын сактоочу 4 жайда бардыгы болуп болжолдуу 1961 миң тонна калдык көмүлгөн.

Чечмелеп айтканда «Туюк-Суу» уулуу заттардын калдыгы сакталган жайы айылдан 2 эле чакырым алыстыкта жайгашып, ал жерде болжолдуу 450 миң м3 калдык 32,5 миң чарчы метр аянтты ээлеп жатат. «Талды-Булак» жайы айылдан 9 чакырым алыстыкта жайгашып, ал жердеги 32 миң чарчы метр аянтта көлөмү болжолдуу 395 миң м3 калдык бар. Миң-Куштан 11 чакырым аралыктагы «Как» жайы 42 миң чарчы мерт аянтты ээлегендиги менен ал жерде көлөмдүн болжолдуусу 102 миң  м3 экен. «Алыскы» деп аталган жайы айылдан 12 чакырым аралыкта жайгашкан жана ал жердеги 89 миң чарчы метр жерде болжолдуу 204 миң м3 калдык көмүлүптүр.

Натыйжада бул уулуу калдыктарды коопсуз жерге көчүрүү жараянынын зарылдыгы кыйладан бери эле эл аралык маанидеги маселеге айлангандыгы белгилүү. Жыйынтыгында «ЕАЭБге мүчө мамлекеттериндеги уран өндүрүшүнөн жабыр тарткан аймактарында рекультивациялоо» багытындагы эл аралык программасына ылайык «Туюк-Суу» уулуу заттардын калдыктары сакталган жайды рекультивациялоо иштерин жүргүзүү үчүн изилдөө иштери башталган.

Аталган программанын негизинде «Туюк-Суу» уулуу заттардын калдыктары сакталган жайды коопсуз аймакка көчүрүү же азыркы турган ордуна рекултивация кылуу боюнча Россия мамлекетинин «Росатом» ишканасы 2 мөөнөт менен иш аткара баштаган.

Биринчи мөөнөт 2013-2016-жылдарга белгиленип, Миң-Куш айылынын аймагындагы уран калдыктары көмүлгөн жайларды толук изилдөө, тиешелүү аныктамаларды берүү жана «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайына рекультивация иштерин жасоо боюнча долбоордук-сметасын түзүү иштери жүргүзүлүүдө.

Экинчи мөөнөт 2017-2018-жылдарга туура келип, анда калдык сактоочу жайларда рекультивация иштерин жүргүзүү, аймактагы экологиялык, санитардык коопсуздукту камсыздоо системасын түзүү иштери аткарылат. Жогоруда белгиленген программанын баасы 633 млн сомду  түзөт.

Кыргыз Республикасы тарабынан жогорудагы программанын аткарылышына 2013-жылы 2 млн 625 миң сом, 2014-жылы 2 млн 625 миң сом, 2015-жылы 2 млн 235 миң сом сарпталып, инженердик-долбоорлоо жана изилдөө иштери аткарылса, Россия Федерациясы тарабынан Миң-Куш, Кажы-Сай, Ак-Түз, Орловка жана Борду айылдырынын экологиялык жана социалдык маселелерин чечүүгө 1 млн 476 миң АКШ доллары бөлүнгөн.

Нурлануунун деңгээли

Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматынын башчысынын орун басары ушул жылдын 4-февралындагы №103 буйруктун негизинде 8-11-февраль күндөрү Миң-Куш айыл аймагындагы турак үйлөрдүн, социалдык объектилердин жана айлана-чөйрөнүн радиациялык фонуна түзүмдөр аралык жумушчу тобу тарабынан текшерүү иштерин жүргүзүп, ага облустук, райондук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери катышкан.

Миң-Куш айыл аймагы боюнча 2006-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлгөн системалык каттоодо жалпы 1361 турак үй жана батирлер каттоодон өткөн. Ведомстволор аралык жумушчу тобу тарабынан Миң-Куш айыл аймагынан жалпы 828 турак үй жана батирлер, 13 социалдык объектинин радиациялык фонун аныктоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, 602 батирге текшерүү иштери жасалган эмес. Себеби 538 батир бек болгон жана 64 батир бузулуп кеткен.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 688 турак үйлөрдүн гамма нурлануусунун деңгээли белгиленген 60 микро/рентген сааттан ашкан эмес. Ал эми 140 батирде гамма нурлануусунун деңгээли белгиленген чектен жогору болуп 60 мкР/сааттан 190 мкР/саатка чейин жеткен. Же болбосо  бул жылдагы текшерүү жыйынтыгында белгиленген 124 турак үй жана батирлердеги гамма нурлануусунун деңгээли чектен жогору экендиги кайрадан аныкталып, ага 16 батир кошулган. Бул жалпы 140 батирлер ГЭС аянтчасында 4 турак үйдөн 26 батир, 17-аянтчасында 8 турак үйдөн 64 батир, 21-аянтчасында  6 турак үйдөн 48 батир, ГЭС аянтчасында 1 турак үй жана Алыскы Миң-Куш айылында 1 турак үй аныкталган.

Ошондой эле, Миң-Куш айылынын 170-аянтчасындагы «Келечек» бала бакчасынын чатырынын белгилүү бир чекиттеринде радиациялык фону 60-85 мкР/саатты, 21-аянтчасындагы «Наристе» бала бакчасынын дааратканасынын полунда радиациялык фон 50-100 мкР/саат жана Узакбек Капсалаңов көчөсүнүн №24/5 үйүндө  гамма нурлануу 1500 мкР/саатка чейин жетип, нормативдик өлчөмдөн жогору экендиги айкындалган.

Натыйжада радиациялык фону белгиленген чектен жогору болгон батирлердин саны Миң-Куш айыл аймагындагы жалпы батирлердин санынын 10%ын түзгөн. Жыйынтыгында жумушчу топ бул пайыздык көрсөткүчтөгү радиациялык булгануунун негизинде Миң-Куш айылын толук көчүрүү чечимин кабыл алуу мүмкүн эмес деген тыянакка келишкен. Бирок 23 турак жайдагы жашоочуларды тез арада көчүрүү керектиги белгиленген.

Алдыдагы арымдар

Ошентип бийлик Миң-Куш шаарчасынын тургундары үчүн 2016-2018 жылдарга карата атайын 21 бөлүктөн турган иш планды иштеп чыкты.

Анда «Туюк-Суу» уулуу заттар сактоочу жайды башка аймакка көчүрүү боюнча эл аралык деңгээлдеги программаны үзгүлтүксүз улантуу жана ушул Туюк-Суу участкасындагы көчүрүлүүгө сунушталган 23 турак жайды тез арада башка коопсуз аймакка көчүрүү үчүн тиешелүү деңгээлде акча каражатын чечүү же Миң-Куш айылына турак жай куруп, көчүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атайын токтомунун долбоорун иштеп чыгуу иш-чаранын алгачкы бөлүгү катары жазылган экен.

Кийинки бөлүктөрдө:

- Радиациялык фонунун деңгээли белгиленген нормадан жогору болгон көп кабаттуу 19 турак жайдын (140 квартира) чатырларындагы радиациялык булганууларды тазалоо, турак үйлөрдү калыбына келтирүү боюнча сметалык долбоор түзүү жана түзүлгөн сметанын негизинде акча каражатын бөлүү. Атайын адистештирилген ишкананы ишке тартуу менен белгиленген тартипте радиациялык материалдардан тазалоо, калдык сактоочу жайга жеткирүү, көмүү жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү иштерин уюштуруу;

- тазалоодон өткөрүлгөн турак жайлардын радиациялык фонун, булгануу деңгээлин кайрадан текшерүүнү жүргүзүү;

- турак жайларды тазалоо иштерин жүргүзүү учурунда турак жайларда жашаган жарандарды убактылуу башка жайларга көчүрүүнү уюштуруу жана тазалоо иштерин шарт түзүү;

- радиактивдүү булганган материалдарды жарандардан алууну, калдык сактоочу жайларга белгиленген тартипте көмүүнү уюштуруу;

- айылдагы ички таза суу системасына капиталдык оңдоо иштерин толук бүткөрүүгө кошумча 18 млн 600 миң сом акча каражатын бөлүү жана таза суу системасын ишке берүү;

- канализациялык системаларын, тазалоочу жайларды толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүү;

- аймактык оорукананын имаратын капиталдык оңдоо;

- 21-аянтчага заманбап 250 орундуу жаңы мектеп куруу;

-16-аянтчадагы «Мир» маданият үйүнүн 310 отургучун жаңыртуу жана сырткы дубалын оңдоодон өткөрүү;

- айылдын 25 чакырым аралыктагы электр линияларын, зым тиректерин жаңылоо жана алмаштыруу иштерин жүргүзүү;

- «Алыскы» калдык сактоочу жайынан көмүр кен участкасына өтүүчү 1,5 миң чакырым ички унаа жолду республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси аркылуу асфальттоо;

- аймакта көмүр кесимин иштетип жаткан көмүр өндүрүүчү ишканалардан милдеттүү түрдө соцпакет менен камсыз кылууну жана жумушчулардын 80%дан кем эмесин жергиликтүү тургундардан алууну талап кылуу;

- өкмөт тарабынан долбоорлонуп жаткан ЖЭБ курулса, Миң-Куш айылынын тургундарын жумуш менен камсыз кылууга квота берүү;

- чакан жана орто ишканаларды ачуу менен жаңы жумуш орундарын түзүү;

- кардарларга күрөөсүз 100 миң сом өлчөмүндө берилүүчү насыяны көбөйтүү;

- Миң-Куш айылын мурункудай шаар тибиндеги кыштак деп өзгөртүү же көмүр өндүрүүчүлөрдүн айылы макамын берүү;

-Миң-Куш айылынын административдик жер аймагынын чектерин аныктоо;

- айыл тургундарына замандын талабына ылайык бир банкомат жана санариптик телеберүүнү камсыздоо киргизилген.

Миң-Куш айыл аймагы 1996-жылы түзүлгөн. Жалпы аянты 1944 чарчы метрди түзөт. Миң-Куш айыл аймагы 4 чоң жана 4 чакан аянтчадан турат. Айыл өкмөткө 1 айыл карайт.

Райондун борборунан 60 чакырым, облустун борборунан 310 чакырым, борбор калаабыздан 380 чакырым, темир жолдон 235 чакырым алыстыкта турат. Деңиз деңгээлинен 2100-2940 метр бийиктикте жайгашкан. Миң-Куш айылында 2016-жылдын 1-январына карата жалпы 3441 адам (903 түтүн) катталган.

Жазган: Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу.

           Автордун стилистикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×