Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусу 15.03.2016 16:37

Ой-пикир: Өлкөнүн башкы байлыгы — билим, - К.Усуптегин, Нарын облусу

Turmush -  Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде «2016-2020-жылдарда билим берүү кызматын экспорттоо жана билим берүүнүн сапаты боюнча концепциясы» жана «Акылдуу мектеп» программасынын бет ачары өткөрүлүп, талкууга алынды.

Билим берүү жана илим министрлигинин эксперти Азамат Дыйканбаев дүйнөдө 2020-жылы билим берүү кызматынын экспортунун көлөмү 34 миллиард долларга жетерин, ал эми 2024-жылга карата Кытай менен Пакистанда эле 18-22 жаштагылар дүйнөдөгү калктын 35%ын түзөрүн белгилеп, концепциянын 5 багытын өнүктүрүү зарылдыгына кеңири токтолду.

Ал үчүн Кыргызстандагы ЖОЖдор дүйнөлүк алкакта сапаттуу, ыңгайлуу, коркунучсуз жана иш менен камсыз кылууга жетиштүү билим берүүсү абзел. Ошону менен катар ийкемдүү визалык режимдерди камсыздоосу башкы фактордон болуп саналат. Мындай шарттарга жетишүүдө өлкөдө бир катар кыйынчылыктар бар экендигин министр Э.Сариева да мойнуна алды.

«Учурда Кыргызстанда чет өлкөдөн келген 13 миңден ашык студенттер билим алууда. Бирок бир нече тоскоолдуктар бар. Ошондуктан экономиканы өнүктүрүүдө билим берүү экспорту чоң салым болот деген ойдобуз. Себеби чет өлкөдөн келген студенттер Кыргызстанга 8 млн доллар алып келген. Ошон үчүн 2020-жылы алардын санын 30 миңге жеткирели деген ойдобуз», - деди Э.Сариева.

«Акылдуу же санариптик мектеп» долбоорунун маани-маңызы тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы жаңы маалыматтар жана инновациялар комитетинин жетекчиси, «Сорос-Кыргызстан» фондунун программалык менеджери Лира Самыкбаева бүгүнкү билим берүү туурасында өз оюн билдирди.

«Кыргызстандыктардын жаш мууну катардагы керектөөчүлөр эмес, алар жаңы санариптик замандагы инновациялык атаандаштыкта татыктуу ат салышкан жаратуучулар. «Акылдуу мектептин» төрт компоненти билим берүү мекемелерине сунушталып жатат. Алар: «Электрондук окуу китеп», «Электрондук мугалим», «Электрондук мектеп» жана «Электрондук окуучу». Бул долбоорду дүйнөлүк жана Азия өнүктүрүү банктары менен кыргыз өкмөтү биргелешип ишке ашыра баштады. Быйылкы жылга мамлекет тарабынан 100 млн сом бөлүнүүдө. Республикадагы 2 миң 200 мектептин учурда 401и интернетке кошулган. Эми биринчи этапта быйылкы жылдын 1-сентябрына карата дагы 606 мектепти интернетке кошуу пландалууда. Ал эми 2019-жылда бардык мектептер интернетке кошулушу керек»,- деди Л.Самыкбаева.

Министр бул долбоор жаңы ишке ашырыла баштаганына байланыштуу алдыда көп тоскоолдуктар болорун, бирок ал ишке ашса жаштардын жетиштүү билим алуусуна чоң салым кошуларын белгиледи.

Жазган: Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу           

Автордун стилистикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×