Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Нарын

Ой-пикир: Тар жол баскандар талапкер, дээринде жоктор депутат болгондо, - М.Асаналиев, Нарын облусу

Turmush -  Талапкердин мүчөлүк акысын кыскартып койгон соң айылдык кеңештердин депутаттыгына аттангандардын саны сайга жетти... Дегеним, учурда өлкөнүн айрым аймактарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жакындалды.

Өкмөт дагы бир катасын эске албай буйрук токуй салып, депутаттыкка талапкерлердин мүчөлүк акысын жокко чыгарып, бекер аттангыла деп бел байлатты. Мурда төлөнүүчү миң сомду да жоюп салды. Эми айылда «атасына алик албаган, энесинин ээсин оодурган» «айран-сүттөр» биринен-бири өтүп, талапкерликке аттанышты. Тууган урук, жет-жаат болуп элдин кадыр баркына татыбаган эргулдар депутат болууну көздөп, элди бөлө башташты.

Тар жол баскан талапкерлер, дээринде жогу депутат болгондо айылдын айласынын кеткени. Айыл өкмөт башчы болом деп алты оодарылган жетекчи өз кишилерин дайындап, депутаттыкка талапкер кылышты. Бирок айрымдары «эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт» болуп талапкерлигин коюшту.

Нарк, бет, намыс жана ыймандан пайда болбой калды.

Ошондуктан талапкерлердин мүчөлүк акысын жок дегенде 5 миң сом кылганда, депутаттык мандат, деги депутат деген кантип иш жүргүзүү керектиги жана алардын коомчулукка тийгизип жаткан таасири эске алынып, иштер жүрөт беле. Болбосо ары өткөнү, бери басканы деле талапкер болуп, жергиликтүү кеңеш, депутат деген аттын баркын кетиришти.

Жергиликтүү кеңештин депутатынын билим деңгээли, коомчулук менен иштеген иш тажрыйбасы эске алынса деген элдин тилектери орундалбай калды.

Ошондуктан алдыдагы шайлоолордо айыл жеринде малчы, койчу, уйчу же айылды аралаган бекерпоздор депутат болуп келсе келечекти ойлонбой деле койсок болот...

Жазган: Мирбек Асаналиев, Нарын облусу

         Автордун стилистикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5527
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 28 адам окуп жатат)
×