Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Нарын

Ой-пикир: Айлана-чөйрө акыр-чикирден арылабы?, - К.Усуптегин, Нарын облусу

Turmush -  Өткөн аптада Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгынын техникалык кеңешинин отуруму болуп өттү. Жыйынга агенттиктин директору Сабыр Атажанов, өкүлдүн биринчи орун басары Касен Азизов катышты. Жыйынтыгында бир катар жетекчилердин кызмат абалын кароо, сөгүш жана эскертүү чаралары берилди.

Аңчылыкта аракеттер да, өксүктүктөр да бар

Алгачкы баяндаманы агенттиктин жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Нарын өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Сагынаалы Боогачиев жасады.

«Биздин кызматкерлер өткөн жылда аңчылык эрежелерди бузган, өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирген 93 иштин бетин ачышкан жана 1 млн сомдон ашык суммага доо, 58 миң 500 сомго административдик айып коюшкан. Бирок коюлган доонун 512 миң 500 сому соттук кароодо тургандыктан өнө элек болууда.

14 баш тоо текени атуу далили катталды. 9 даана мылтык кармалып, браконьерлердин алды 4, арты 2 жылга шарттуу соттолушту. Арпа өрөөнүнөн бир жаран 57 суурдун терисин алып бара жатканда кармалды.

10 карышкыр, 10 бөлтүрүк жана 11 чөө атылып жок кылынды. Жалпы эпизотиялык абалга каршы 725 ит, 2 түлкү, 1 торпок жана 176 мышык атылды», - деди С.Боогачиев.

Бирок мындай аракетти Сабыр Атажанов жетишсиз деп баалады.

«Туура, силерде иш жок эмес, бар. Бирок жетишсиз. Мисалы атайын каражатка акча түшүрүү планын 83,6%га аткарыпсыңар. Сотко берилген иштердин документтери сапатсыз болгондуктан жеңилип каласыңар. Ал эми Соң-Көлдөгү балыкты браконьерлер дагы деле кырып жатышат. Ошондуктан 6 айдын жыйынтыгы менен ишиңерге баа берилет», - деди С.Атажанов.

Каалагандай ташталган таштандылар

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгынын башчысы Болотбек Калыбек уулу кеңири маалымат берди.

Ал маалымдагандай, 2015-жыл ичинде облустун аймагында ар кандай ишкердүүлүк жүргүзүү үчүн 116 долбоор мамлекеттик экологиялык экспертизанын кароосунан өткөрүлүп, корутунду берилген. Анын ичинен 4 экологиялык паспорттун мөөнөтү узартылган. Түндүк—Түштүк альтернативдик автожолунун 183-195-195-253-чакырым аралыгында реабилитациялоо иштеринин жүрүшүндө жолдон чыккан эски калдыктарды жайгаштырууга жер тилкелерин аныктадык.

Инерттик материалдардын карьерлерин тандоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жерге жайгаштыруу, каттоо мекемелери, жайыт комитеттери менен бирдикте иштер жүргүзүлүп, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл аймагынан 6 инерттик материалдардын карьерине, Кабак айыл аймагынан кошумча 3 инерттик материалдар үчүн пайдаланууга жер тилкеси аныкталды.

2015-жылдын январь-февраль айларында ар бир айыл аймактардан чыккан таштандыларды жайгаштыруу боюнча инвентаризациялоо иш-чаралары өткөрүлдү. Инвентаризациялоонун негизинде облус боюнча 86 айылда жалпы аянты 42 миң 529 гектар жер тилкесине таштандылар жайгаштырылгандыгы аныкталды. Облустук өкүлчүлүк менен бирдикте облус аймагындагы таштанды таштоочу жайлардын абалына текшерүү жүргүзүлүп, 17 айыл аймакта таштандыларды жайгаштыруу боюнча иштер толук аткарылбагандыгы үчүн административдик чаралар көрүлүп, айыптар салынган.

«Биз мындай иштесек, 5-10 жылдан кийин акыр-чикирлерге көмүлүп калабыз. Таштанды төгүлгөн жерлер канча экендиги белгисиз. Быйылкы жылга иштиктүү иш-чара жок экен. Башкармалыкта атайын каражат 3 млн сомго азайса, чыгаша 12 млн сомго көбөйгөн. Көмөкчү чарбалардан 40% төлөм алынды, бирок ал каражаттан дайын жок. Муну жетекчилер менен эсепчилер бөлүшүп, жеке өздөрү үчүн пайдаланган деп эсептесек болот.

Башкармалыктын жетекчисине тиешелүү мылтык менен башка адамдар аңчылык кылышкан. Токой фондусунун жерине там салууга уруксат берилген», - деген өлкөнүн башкы экологу облустук башкармалыктын жетекчиси Болотбек Калыбек уулунун кызмат абалын кароо чечими кабыл алынгандыгын билдирди.

Бирок мындай токтомго Б.Калыбек уулу макул эмес.

«Мага мындай чечим башкармалыктагы ишмердүүлүк боюнча эмес, мыйзамдуу мылтыгымды тааныш адамга бергенден улам болууда. Мен ал иш боюнча тиешелүү айыпды төлөп, эскертүү чарасы берилген. Ал эми токой аянтындагы үй мурунку эски орунга салынган. Ага уруксатты жогору жак бергенден кийин биз каршы болбойбуз», - деди Б.Калыбек уулу.

Азайган киреше, олчойгон чыгаша

Отурумда токой чарбалардын ишмердиги тууралуу кеп болду. Маселен, токойлорго көчөттөрдү отургузуунун мамлекеттик тапшырмасы 95 гектар аянтка бекитилген болсо, иш жүзүндө 101 гектар аянтка жеткирилип, тапшырманын аткарылышы 107%ды түздү. Жашылдандыруу боюнча туруктуу өнүгүүнүн программасынын алкагында сел жүрүүнүн кооптуулугу жогору болгон аймактарда 10 миң 596 түп көчөт отургузулган.

Токой чарбаларынын 22 көчөтканаларында көчөттөрдү отургузуу жана өстүрүү иштери 11,6 гектар аянтта жүргүзүлгөн. Акыркы инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча бул көчөтканаларда 1 млн 552 миң көчөт бар, анын ичинен жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иш-чараларына жарактуу көчөттүн саны 540 миң даананы түзөт.

Мамлекеттик токой фондусунун жеринде экме токойлордун өнүмдүүлүгү Ак-Талаа токой чарбасында 65,7%, Кочкордо 82,8% гана болгон.

Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде токой чарбасын натыйжалуу жүргүзүү, токойлуу аймактарда жана токой четинде же ага жакын жерлерде жашаган калктын социалдык турмуш деңгээлин жогорулатуу жана калкты токойлорду пайдалануу, токойду өстүрүү, токойлорду сактоо, коргоо жана башкаруу иштерине тартуу максатында 2015-жылга карата жалпысынан 414 ижара келишими түзүлүп, бул келишимдер боюнча 62,5 миң гектар жер аянты ижарага пайдаланууга берилген. Ижара акысынан түшкөн каражаттын өлчөмү 2 млн 73 миң сомду түзүп, 2014-жылга салыштырмалуу 4%га азайган.Токой чарбаларынын жайыт жерлери 190,7 миң гектар болуп эсептелет жана жайыт жерлерин пайдалануу 31%ды түзгөн.

«Ак-Талаа токой чарбасы бир жылда кирешени 199 миң сомго азайтса, чыгашасы 170 миң сомго көбөйгөн. Ат-Башыда киреше 537 миң сомго кемип, чыгашасы 400 миң сомго арбыган. Бир гана Жумгал көмөкчү чарбасы киреше менен чыккан. Нарын токой чарбасынын жайыт пайдалануусу 11%га араң жеткен. Жаш жетекчилер чарчап калдыңарбы?...», - деди С.Атажанов.

Кабылдоолор жана калкалоолор

Ошентип башкармалыктын техникалык кеңешинин отурумунда 16 бөлүктөн турган токтомдун долбоору сунушталды. Анда 2015-жылдын каржылык-чарбалык иш-аракеттеринин жыйынтыгы жетишээрлик эмес деп табылып, эмгектик милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн Ак-Талаа токой чарбасынын башкы эсепчиси Ж.Бозалаеванын жумуш ордун кароо, ушул чарбанын башкы токойчусу Б.Эсенгуловго, Нарын мамлекеттик коругунун директору Д.Оморовго жана коруктун башкы эсепчиси А.Татиевага, Ак-Талаа токой чарбасынын директору Э.Капаровго сөгүш жарыяланып, бир катар жооптуу жетекчилерге эсертүү берилди.

«Бугу, маралдардын санын көбөйтөбүз, аны башка аймактарга таратабыз деп иштеп жатабыз. Бирок андай болгон жок. Тескерисинче 7 баш марал өлдү. Төл аркылуу киреше көбөйгөн жок. Эң өкүнүчтүүсү адам өмүрү кыйылды. Ошондуктан Д.Оморовдун кызмат абалын кароону сунуш кылам», - деди отурумда Сабыр Атажанов.

Мындай сунушка өкүлдүн биринчи орун басары Касен Азизов кайчы пикирин келтирди.

«Сабыр Атажанович, чынында Нарын мамлекеттик коругунда жакшы иштер бар. Көп пландары алдыда. Ошондуктан мөөнөт берсеңиздер. Биздин пикирди да эске алсаңыздар», - деп өтүндү К.Азизов.

Жазган: Күмөндөр Усуптегин

Автордун стилистикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5770
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×