Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Талас облусуТалас району 19.02.2016 08:08

Элдик уламыштар: Манас районунун көп улуттуу эл жашаган Талас айылы (фото)

Turmush -  Манас районуна караштуу Талас айылы 1930-жылы негизделген. Айылдын калкынын саны бүгүнкү күндө 5315 адамды түзөт.

Географиялык жайгашуусу боюнча деңиз деңгээлинен 1300 метр бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Покровка айылынан 23 чакырым батыш тарапта орун алган. Талас шаарынан 110 чакырым жана «Маймак» темир жол бекетинен 18 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Айылда орто мектеп, бала бакча, мечит, стадион, маданият үйү, оорукана, дарыкана, китепкана, соода комплекси, турмуш-тиричилик үйү жана башка социалдык объекттер бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналып эстелик тургузулган.

Айыл аксакалдарынын айтымында, СССР маалында бул аймакка элдер көчүрүлүп келип, Манас совхозу деп аталган. Андан кийин Манас айылы деп аталып, кийин Тамеки совхозу деп өзгөртүлгөн. Ал эми эгемендик алган күндөн тарта Талас айылы деп аталган.

Бирок, расмий түрдө Талас айылы деп аталганы менен жергиликтүүлөр азыркыга чейин Темеки совхозу айылы деп аташат.

Жергиликтүү аксакалдардын айтымында, «Манас» эпосунда азыркы айыл турган жер эскерилет жана бул жерге арналган ыр саптары да бар. Ошол себептен «Манас» эпосундагы жердин аттары бул айылга ыйгарылган. Айылда көп улуттуу адамдар жашайт. Тургундар дыйканчылык, мал чарбасы жана соода менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×