Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Талас облусуКара-Буура району 10.02.2016 18:28

Элдик уламыштар: Кара-Бууранын бак-дарактар жыш өскөн Бакайыр айылы (фото)

Turmush -  Кара-Буура районундагы Бакайыр айылынын аталышы тууралуу жергиликтүү тургундар арасында айтылып жүргөн уламыштар бар.

Жергиликтүү жашоочулар Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, учурунда Бакайыр айылынын үстү жагында Туюк жардан Май-Белге чейин жыш бактар өсүп турган.

«Аталган аймак бак-дарактардын жыштыгынан улам, бактар байырлаган жер деген мааниде Бак-Байыр деп аталып калган. Аталган аймакта ар тараптан чогулган эл байыр алып жашап келишкен. Кийинчерээк аты өзгөрүлүп отуруп Бакайыр болуп айтылып калган», - дешет алар.

Бул аймакта 1929-жылы Ворошилов колхозу уюшулган. Ал эми 1929-жылы Кара-Сай мектеби курула баштаган жана ал 1932-жылы бүткөрүлгөн.

Бакайыр айылында 3 миң 37 гектар айдоо аянты жана 28 миң 17 гектар жайыт бар. Калкынын саны 1 миң 700 адам.

Чыгыш тараптан Чолпонбай айыл өкмөтү, түндүк тараптан Ак-Чий айыл өкмөтү, батыш тараптан А.Аманбаев айыл өкмөтү, түштүк тарабынан Жалал-Абад облусунун Чаткал району менен чектешет. Географиялык шарты мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө ылайыктуу.

Ошондой эле Кулжа-Башат, Үңкүр-Булак, Арчалуу-Мазар, Тоголок-Дөбө, Сары-Таш жана Дүрдана деген кыштоолор бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×