Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 05.02.2016 12:12

Ой-пикир: Бул заман илим жана билимдин заманы!, - М.Жамангулова, Ак-Талаа району

Turmush -  Билим, илим — бири-бирине абдан тыгыз байланышта. Жакшы, терең билим илимге кенен жол ачат. Ал эми илим — билимди сугаруучу булак. Илимди өнүктүрбөсө, билим жакырланып кетет. Буга мисал, Кыргызстандагы көптөгөн жогорку окуу жайлар бар. Дүйнөлүк жогорку окуу жайлардын рейтингдери боюнча кыргыз окуу жайлары алдыңкы 100 эмес, 1000дин бирине дагы кирбейт. Мунун кесепети орто мектептерге да кескин таасирин тийгизип жатат. Бул багыттагы эл аралык уюмдун статистикасы боюнча Бишкек шаарынын 10-11-класстарынын окуучулары окуу, математика, логика сыяктуу предметтердин сынактарында 184 мамлекеттердин арасында эң акыркы орунду ээлеген. Бул суроолор менин жүрөгүмдү дайыма оорутат. Билим берүү, илимди жогорулатуу боюнча системалуу программа керек. Бирок, ага карабай ар бир окуу жай өздөрү аракет кыла берсе болот.

Азыркы убакта Кытай мамлекети эмне үчүн жана кандайча өнүгүп жатат? Анда биз билгенден жогорку окуу жайлардын сапаттарын мындан ары өнүктүрүү боюнча программа кабыл алынып, ага миллиарддаган акча каражаттары сарпталууда. Бул долбоор боюнча Кытайдагы университеттер 1-2-3-класстарга бөлүнөт. Биринчи класстагы университеттердин милдети дүйнө жүзүндөгү 100 эң жогорку сапаттагы университеттердин ичине кирүү. Бул топко 5 университет кирет. Мен иштеп жаткан Нанкин университети ушул жогорку топко кирет.

Экинчи класстагы университеттердин максаты Азия регионунда жогорку 50 университеттердин катарына кирип, өлкө ичинде жогорку жүздүккө кирүү.

Ал эми студенттердин деңгээлин салыштырсак, дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин бири — Гарвард университети Кытай студенттери үчүн окуу жайга кирүү баллын 10%га жогорулатып койгон. Себеби алар абдан күчтүү. Менин нааразы болгонум — Түркия, Кытай мамлекеттери Кыргызстанга өздөрүндөгү окуу жайларга кабыл алууга 20 орун жана стипендия беришет.

Кыргызстандан жиберилген студенттердин даярдыгы начардыгынан ал өлкөлөрдүн өтө күчтүү эмес университеттерине гана жиберишет. Буга студенттер гана эмес, Билим берүү министрлиги да күнөөлүү. Ал үчүн алдын ала дүйнөлүк мыкты университеттердин деңгээлин билип, ошого жараша мектеп мугалимдерин, окуу каражаттарын сапаттуу даярдоо зарыл.

Мындан сырткары өлкөбүздө жалпы маданият боюнча да абдан кылдат жана системалуу иш алып барсак деп ойлойм. Мисалы сөз маданиятын алалы. Кыргыз конок тосуп, узатканда, «таарынбай кет» дейт. Бул конокко да, мейман тосуп жаткан адамга да туура эмес мамиле. Себеби, кыргыз негизи эле мейман үчүн катуу даярданат, бардык мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Аягында эки жак тең ыраазычылык кубаныч менен тарап, жакшы сөздөр менен убактыларын өткөрүп тароо жакшы да...

Кайда болбосун, сөздү позитивдүү айтып, адамдык сапаттарды бийик тутуп, ар бир адамды урматтоо, өзүн сыйлоо менен жашаса кандай сонун болмок. Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, Бишкек шаарына барып калса, «мен айылдыкмын» деп айткан жаштарды башкалар негедир кемсинтип карайт.

Айылда өскөндөр айылдык болгону үчүн кемсинбей, тескерисинче сыймыктануу керек да. Азыркы интернет, компьютер заманында дүйнөдөгү алдыңкы жетишкендиктерди окуса, үйрөнсө болот. Ал эми алп тоолору заңкайып курчаган айылдык ажайып аймакта кечинде асманга толтура жымыңдаган жылдыздарды көрүп, кыйкырсаң алыска үнүң угулган таза абадан кере дем алып, жерден шаркырап аккан таза суу ичип жашоо бул эч нерсеге теңдешпеген чоң бакыт! Буга кубанып, баалап жашап, өмүр сүрүү таалай эмеспи. Ошондо ал сага кубат, таяныч, түрткү болот.

Жаштарыбыз табияттан, Кудайдан бүткүл адамзаттык касиеттерди шерик тутуп жашаса алар кандай бактылуу, маанилүү жашоону жашап, өмүр сүрмөк. Акча, байлык убактылуу нерсе. Мен кедей болгула деп айтпайм. Бир акылман: «Жардам сурап момун болгончо, бай болуп картаңдарга, жесирлерге, жетимдерге жардам берген момун бол» деп айткан экен.

Ошондуктан, жамы адамзаттык баалуулуктарга маани берип жашап, иштеп, өмүр өтөп, билимге, илимге басым жасап жүргөнүбүз өлкөбүз үчүн өркүндөө жолун алып келмекчи.

Атам жана «кызыл диплом»

Бир жылча мектепте пионер жетекчи катары иштеп, колдон келишинче даярданып алып, Бишкекке И.Арабаев атындагы университетке атам менен келип сынак тапшырдым. Бардык сынактардан жакшы эле жооп бергенсигем, бирок баалары бүт «3» болуп калды. Кудайдын буйругу да, айылдык мен бүтүргөн мектепке орун берилген экен, ошону менен өтүп кеттим. Ошондо атам Мукаш «Капа болбо, намыстанып оку. Бул «3» эчтеме эмес, кийинкисин жакшы оку!», - деп чоң кубат берген.

Студент болгондон кийин группалаштардан алгачкы сынактардан кандай бааларды алганын сурамжылап чыктым. Кыздардын көбүнчөсү «4» жана «5» алышыптыр. Кичине жүрөкзаада болдум.

Анан студенттик турмуш башталды. Атамдын «намыстан» деген сөзү уктаткан жок. Беш жыл бою бардык сабактарыма катуу даярдык менен окуп жүрдүм. Акыры курстагы 80 кыздын үчөө «кызыл диплом» менен бүттү. Ошонун бирөө мен болдум. Ал үчөөнүн экөө илимдин кандидаты болушту. Алардын бирөө мен элем.

Айтайын дегеним, өзүмдү өзүм мактайын дегенден алысмын. Менин жолум кийинки жаштарга сабак болуп калса экен деген гана тилегим. Ошол убакта мен «3 алдым, айылдан келдим, башкаларга тең келе албайм» деп чөгүп, жүдөп, башты жерге салып басынып жүрө берсем, окубай, чыгып калмакмын.

Түбөлүгү кыска болуп, келечегиме өзүм балта чаап, дайыма бирөөгө көз каранды, коркуу менен жашамакмын. Кудай ыраазы болсун, мен ошол оңой эмес эмгектин, чыдамдын, сабырдын, чынчылдыктын, өзүмө-өзүм катуу талап коюунун, намыстануунун жолуна кылчактабай түшкөнүмө, дилинде мыкты мугалим, намыстуу, аракетчил атама, мээрими төгүлүп турган апама, дайыма алдыга шыктандырган бийик Ала-Тоого рахмат!

Апам чыгаан инсан эле ...

Мен апамды өмүр бою сагынам. Чындыгында, атына заты келишкен, жарашкан, дайрадай кенен, шар жүргөн, ар бир адамга жашыбы, карысыбы тең көргөн, телегейи тегиз мүнөзү менен ташты жарган чындыкты гана сүйлөгөн. Апам каалаганын жасаган, жүрөгүнүн айтканын тыңшаган, жароокер, уккан же көргөн кыйынчылыгы бар кишиге бардык жардамын аябаган жан болчу. Билимге умтулууну баскан-турган жеринде сөзсүз айта турган. Өз заманынын милдеттерин айкын түшүнгөн, өтө терең билимдүү, Кудайды бийик туткан жана жашоосунда ага терең ишенүү менен Алланын мыйзамдарын аткарган момун апам абдан жакын кошуна (Биз азыркыга чейин Баетов айылынын эки жеринде жашадык. Ал кошуналар менен дайыма ысык карым-катнашта болуп, апам калтырып кеткен кыйбас мамиледебиз), бирге иштешкен жамааты менен болобу барына бир туугандай, эже-сиңди, апасы-кызы болуп мамиле жасачу.

Деги бул адам менин апам болгону үчүн гана эмес, объективдүү алганда айкөл жүрөктүү, абдан жүрөгү таза, иштерман, эң сонун адам деп баалайм. Менин билишимче, апам бул дүйнөнүн жашоосунун ар бир мүнөтүн барктап, баалап өттү.

Эли-жерине адамзат үчүн кызмат кылуу менен, улуттук ар бир аялзатка болгон милдетин ак дилден аткарып, шырдак, кийиздердин түрлөрүн, сайма, туш кийиз, аяк кап, боз үйдүн бүтүндөй жасалгаларын, ичин да, сыртын да өз колунан чыгарып, ардактап, көрүнүктүү, элге үлгүлүү жасап, алардын эсинде түбөлүккө калды. Чындыгында аяр серп салып карасам, бул жашоодо бардык милдетин-биринчи иретте адамдык касиетти бийик тутту. Кичине каталык болуп калса жаны кейип, кайра тез түзөтүүгө аракетин жасачу. Курандагы кыл көпүрө менен өткөндөй өзүнө акыр замандын сурагын күнүгө жүргүзүп жашады жана бизди да ошондой тарбиялады.

Эсимде, 11-классты бүтүп жаткан жылы, классташ кызымдын туулган күнү болуп, анда жабырап көпкө чейин ар кайсыны сүйлөшүп олтуруп алып, түнкү саат 22:00дөн өткөндө келгем. Апам үйдө «кызым эмне мынча кеч калды» деп кабатырланып, абдан толкунданып күтүп отуруптур. ”Кайда жүрдүң бул убакка чейин?”- дегенде, шак эле кинодо деп айтып жибериптирмин.

Апам өтө кыраакы киши эле. Улуу агам Канатты эчак эле кинотеатрга жиберип, издетиптир жана менин калпымды дароо билди. Кеч келгенимден да калп айткандыгыма аябай нааразы да, бушайман да болуп, кийиз күбүгөн чапкычты алып, мени 3-4 жолу чапты. Ар бир чапкан сайын «өлүп, кыйналып баратсаң да калп айтпай жүр! Сен жакшы болсоң, биз жакшы болобуз! Биздин эл караган бетибизди жер каратпа! Чынчыл болуп, акылдуу жаша!» - деген туу сөздөрдү айтты.

Болгону 3-4 жолу гана чапты, айрым апалардай көпкө чейин чапкылап, каргап-шилеген жок. Бул сөздөрдү мен ошондо денемдин анча-мынча ооруганынан да апамды ушунчалык капалантканыма зээним кейигенден ушул убакытка чейин эстеп да, изилдеп да, аткарып да жүрөм.

Жазган: Экология илимдеринин кандидаты, Кытайдагы эң жогорку класстагы Нанкин университетинин доценти Жамангулова Нурмира Мукашевна.

Автордун грамматикасы жана жазуу стили сакталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×