Бөлүмдөр
Жума, 21-февраль
Баткен облусуБаткен 03.02.2016 17:59

Айыл турмушу: Баткендик 25 жаштагы С.Жумабеков бир жылдан бери шаар тургундарын нан менен камсыздайт (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын 25 жаштагы тургуну Сейит Жумабеков 1 жылдан бери шаар тургундарын ысык нан менен камсыз кылып келет.

С.Жумабеков Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, нан бышырууну Бишкек шаарында иштеп жүрүп өздөштүргөн.

IMG-20160203-WA0147

«Нан жасап сатууга бир туугандарым жардам берет. Алар менен биргеликте иш жүргүзүп жатам. Күнүгө 2 мүшөк ундан 140-150 даана нан жасайбыз. Ал эми туруктуу кардарларга шайтан араба менен өзүбүз жеткирип беребиз», - деди С.Жумабеков.

Ошондой эле шаардын тургундары той өткөрүү жана конок тосуу үчүн С.Жумабековго буюртмаларды беришет.

IMG-20160203-WA0154

«Буюртмаларга жараша нандын башка түрлөрүн да даярдайбыз. Тапкан кирешебиз үй-бүлөбүзгө жетет», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×