Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-февраль
Ысык-Көл облусуБалыкчы 03.02.2016 13:18

Айыл турмушу: Балыкчынын жаштары малга пайдалуу экструдер жемин өндүрө башташты (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын жаштары биригип, жөнөкөй ыкма менен жасалган сиңимдүү экструдер тоютун чыгаруучу кичи цех ачышты. Андан улам шаардагы 10 жаш бала иш менен камсыз болду. Бул тууралуу жаштардын бири Кубаныч Карагулов билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

К.Карагуловдун айтымында, жем кыска мөөнөттө малды эттентүүгө, сүттүүлүгүн жогорулатууга жардам берет. «Уй, тоок, кой, жылкы жана балыкка атайын жемдерди даярдайбыз. Жемдер арпа, буудай, жүгөрү, күн карамадан, туз жана трикальций жана соядан жасалат. Аны жеген малдын ашказан оорулары болбойт жана мал оорулары азаят», - дейт ал.

Ошондой эле уй көбүрөөк сүт бере баштайт. «Цехтин ишке кирүүсү менен шаардагы жумушсуздук маселеси аз да болсо жоюлуп, 10 бала иш менен камсыз болду. Келечекте кеңейтилип, дагы жаштарды иш орду менен камсыз кылууну пландап жатабыз», - деп кошумчалады К.Карагулов.

Жумушчулар саатына 700 кг чейин жем өндүрүп, анын баасы кошулган курамына жараша 18 сомдон жогору бааланат.

Жаштар экструдер аппаратын Кытай жергесинен алдырышкан. Учурда жаштар өздөрү 10 баш малды семиртип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×