Бөлүмдөр
Жума, 21-февраль
Ысык-Көл облусуКаракол 03.02.2016 10:33

Айыл турмушу: Короосунда 200 каз баккан караколдук К.Гайфулин анын балапандарын 200 сомдон сатат (фото, видео)

Turmush -  Каракол шаарынын түндүк этегинде (Пристань-Пржевальск тарабында) 52 жаштагы Кубатбек Гайфулин үй-бүлөсү менен 16 жылдан бери жашап, каз багуу менен алектенет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

К.Гайфулиндин айтымында, алгач алар өздөрүнө гана 5-6 каз багышчу. Акыркы 3 жылдан бери аны бизнеске айлантып, каздын санын 200гө жеткиришти. Анткени алар жашаган аймак каз багууга өтө ыңгайлуу болуп, үйдүн жанына агып келген суу булактан чыккандыктан кышкысын тоңбойт.

«Каздар 3 ай жумуртка берет. Бир каз бир жылда 45ге жакын жумуртка тууйт. Анын 60%ы же 25-30у балапан болуп чыгат. Бир балапанды 200 сомдон сатабыз», - дейт ал.

Кубатбек мурда балапандарды Бишкек шаарындагы инкубаторлордон чыгарып келсе, учурда өз үйүнө инкубатор орноткон.

Келечекте каздарды балапан кылып сатпай, эт багытында өндүрүүнү пландоодо. Бир чоң каз 5 килограммга чейин эт берет. Ал эми анын 1 кг эти 200-250 сомго бааланат.

«Негизи каз багуу оңой. Ал кышкысын гана жем жебесе калган кезде өзүн-өзү багат. Мен Россиядан келген каздарды багам. Алар чоңураак келип, тукумдуу болот. Жоош болуп, багууга да оңой», - дейт Гайфулин.

Каздын бирөө базарда 800-1000 сом турат. Ал эми бир жылда бир казды багууга 200 сом сарпталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×