Бөлүмдөр
Жума, 21-февраль
Баткен облусуБаткен 02.02.2016 11:31

Айыл турмушу: Баткендик З.Момунов жасаган эмеректер 60 миң сомго чейин бааланат (фото)

Turmush -  Баткен шаарына караштуу Чек айылынын тургуну Зайналабидин Момунов 5 жылдан ашык убакыттан бери үй эмеректеринин түрүн жасап келет.

З.Момунов Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде билдиргендей, жасаган эмеректери 300-400 сомдон 50-60 миң сомго чейин бааланат.

«Алгач бул ишти баштаганда бир топ кыйынчылыктар болду. Бирок ошол нерсенин баарынан өтүш керек эле», - дейт З.Момунов.

Андан сырткары ал 6 адамды жумуш орду менен камсыз кылган.

«Алар аткарган жумуштарына жараша маяна алышат. Керектелүүчү материалдарды Ош шаарынан, коңшу Тажикстан өлкөсүнөн жана башка жактардан алып келебиз. Кардарлар каталог аркылуу буюртма берип, каалаган эмерегин жасата алышат», - деп кошумчалады ишкер.

Ошондой эле З.Момунов 8 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×