Бөлүмдөр
Жума, 21-февраль
Нарын облусуНарын 01.02.2016 13:11

Айыл турмушу: Нарындык Т.Хакимов 8 жылдан бери иттердин мушташына катышчу иттерди машыктыруу менен алектенет (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын тургуну Темирбек Хакимов ар түрдүү тукумдагы иттерди машыктырып, ит мушташчу жай ачып, иштетип келе жатканына 8 жыл болду. Биздин өрөөндө багылган иттердин 50гө жакыны Казакстан жана Бишкек шаарында өткөн иттердин мушташынан алдыңкы орунга жетишкен деди Т.Хакимов Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде.

Ал билдиргендей, иттерди согуштурууда негизинен 2 сыр камтылган; биринчиден — ит өзү тукуму боюнча мушташканга жөндөмдүү болсо, экинчиден — ээси келип көрүнгөндө мурдагысынан жандана түшөт.

«Иттер да тукумуна жараша азият, түркмөн, алабай, кавказ жана башка көптөгөн түргө бөлүнөт. Кыргызстандагы иттердин көбү өзүбүздө жүргөн дөбөттөрдөн эле тараган. Согуштуруу байгеси 30 миң сомдон жогору. Ал эми көрүүчүлөр 20 сомдон төлөсө, ит мушташтырууга катышуу үчүн 1000 сом төлөнөт. Учурда ит багуу деле жылкы багып таптагандай эле мааниге ээ болуп калды», - деди Т.Хакимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×