Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-февраль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.02.2016 14:08

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн Тосор айылында жашаган Э.Кускакбаев бир айда 50 комуз, 20 ээр чаап, 15 миң сомго чейин бааланат (фото)

Turmush -  Чоң атасынын жолун жолдоп, комуз, ээр чапкан Эмил Кускакбаев бир айда 50 комуз, 20 ээр чабат. Turmush басылмасынын кабарчысы элеттик устанын иши менен жакындан таанышып келди.

Устачылык өнөр чоң атасынан өтүп, устаканасынан узанып, өрүк комуз чапкан Эмил Кускакбаев Жети-Өгүздүн Тосор айылынын тургуну. Устанын айтымында, анын атасы кезинде Тоголок Молдодон арапча үйрөнүп, айылдагы алгачкы мугалим болгон.

Байгазы Кускакбай уулу 1894-1961-жылдары жашап өткөн ошол кездеги көлдөгү төбөсү көрүнгөн уста болгону айтылат. Ошол мезгилде Кускакбай аксакал зер буюмдарды жасап, чет өлкөлүк көпөстөр алып кетип турган. Уста репрессия маалында кулака тартылып, кийин кайтып келген. Учурда ата жолун небереси Эмил Кускакбаев улантып келет. Ал өрүк комуз бышыктыгы менен айырмаланарын белгилейт. Ал жасаган комуздарга суроо талап арбын болгондуктан үйүндө сакталбайт. Баалары 1500 сомдон 6000 сомго чейин бааланса, чабылган жабдыгы жок тери капталган орус ээрлер бир койдон 15 миң сомго чейин бааланат.

Уста кынаптап колго комуз жана ээр чабуу өнөрүн алдыда уулдарына өткөрүп берүүнү максат кылууда. Учурда уулдары жана неберелеринен сырткары коңшу айылдардан да келип үйрөнүп жаткан шакирттери бар.

1

2

3

4

6

5

7

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×