Бөлүмдөр
Жума, 21-февраль
Ысык-Көл облусуБалыкчы 30.01.2016 10:19

Балыкчынын тургуну К.Жакшылыков 4 жылдан бери боз үй даярдап, кийиз жасоо менен алектенет (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын тургуну Курманбек Жакшылыков 4 жылдан бери боз үйгө жана шырдакка керектүү кийиздерди даярдап, кийизчилик менен алектенип келет.

Нарындын кулуну болгон 43 жаштагы К.Жакшылыков Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, 2010-жылы Балыкчыга көчүп келген. Анын айтымында, кардарларынын көбү боз үй жасоочулар, өзгөчө Ысык-Көлдүн Кызыл-Туу айылынан кийиз алууга көп келишет.

Нарында жашап жүргөндө кытай, уйгурларга жүн сатуу менен соода жүргүзүп иштеген. Балыкчыга көчүп келгенден кийин кийиз жасоону туура көрүп, азыр 5 жердеши менен бирге иштеп жатат. Аларга кийиздин санына жараша маяна төлөп берет. Кийиз жасоочу аппараттардын кээ бирлерин колго жасатып алышкан.

«Бир күндө жакшы дегенде 10го жакын кийиз чыгарабыз. 1 кийизге 6 койдун жүнү сарпталат же 20 кг жүн кетет. Жүндү Нарындан сатып алабыз. Келечекте менчик ишкана ачып, ишти дагы кеңейтүү тилегим бар. Кудайга шүгүр ушул ишимди аркалап, 3 баламды багып жатам», - деп билдирет ишкер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×