Бөлүмдөр
Жума, 21-февраль
Баткен облусуБаткен району 29.01.2016 15:19

«Айыл турмушу»: Баткендик Ж.Намазов айылдаштарына ар дайым жардам берүү менен кадыр-барк тапкан (фото)

Turmush -  Өткөн жылы Баткен районунун Сай айылында кызык окуя болду. Ал окуя тууралуу Turmush басылмасына Д.Акматов атындагы орто мектебинин мугалими Исамидин Мурсалиев айтып берди.

87
Анын айтымында, окуя 2015-жылдын июнь айында болгон.

«Ошол күнү күн чайыттай ачык болуп, асманда томуктай да ала булут жок эле. Көпчүлүк айыл тургундары сугат жана башка талаа жумуштарына кетишкен. Аба ырайы ачык тургандыктан кол чатыр алуу эч кимдин оюна да келген эмес. Түштөн кийин аба ырайы бузулуп, батыш тараптан кара булут каптап келип, шамал күчөп баштады. Көп өтпөй мөндүр жаап кирди. Суу болгон айыл тургундары үйлөрүнө кайтып келе баштады», - деди ал.

Айылдын тургундарынын катарында талаага эшеги менен кеткен Жоварали аксакал үйүнө эшеги жок кайтып келди.

«Жамгыр жаап, жол тайгалак болгондуктан эшектин буту улам тайгалана берет. Жоварали аксакал эшегинен түшүп, анын изи менен артынан ээрчип басып келген. 20-30 метр баскандан кийин эшек капыстан кулап түшүп, 2 мүнөткө жетпеген убакытта өлүп калган. Жоварали аке эмне болуп кеткенин түшүнбөстөн эшектин жанына барып анын эмне болуп кулап калганын карап баштаган. Көрсө шамал катуу болгондо электр өткөргүч зым жерге кулап түшүп, ал эми эшек ал зымды тебелеп алып, токко урунган экен. Аксакал дароо трансформатордон электр тогу келүүчү автоматын өчүрүп, жолдо жаткан электр өткөргүч зымды алып таштайт. Андан соң ал электр зымы түшүп калган электр мамысына чыгып аны оңдогон», - деп билдирди И.Мурсалиев.

Жоварали аке бир нече жыл Кадамжай РЭСте электромонтёр болуп эмгектенген.

 

89Болуп өткөн окуя тууралуу уккан анын айылдаштары: «Жоваралини Кудай сактаптыр. Анын өмүрү узун болот экен. Бир ажалдан калыптыр», - дешет.

Ал эми айрымдары анын эшеги болбосо кандай болот эле. Ошол электр зымын ойноп жүргөн балдар, же эшекке минип бара жаткан Жоварали басып алса эмне болмок деп жатышты.

 

28
Жергиликтүү жашоочулар билдиргендей, Жоварали аксакал өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып, Сай айылына көпүрө курдурган. Ал көпүрө аркылуу айылдын балдары мектепке, бала бакчага барышат. Анткени 50-60дай үй-бүлөнүн турак жайы суунун аркы өйүзүндө болгондуктан сел болгондо аларга көйгөй жаралчу.

Жоварали Намазов 1946-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Намаз Кыпчаковдордун үй-бүлөсүндө туулган. Мектепти аяктагандан кийин Советтик армиянын катарына аскердик кызмат өтөйт. Мекенине кайтып келгенден кийин иштеп каражат табуу үчүн Ростов-на-Донуга (Россия) кетип, ал жакта ички иштер бөлүмүндө иштеп, улук сержанттыкты алган. Кайрадан мекенине кайтып келип, ар кандай жумуштарда иштеген. Учурда ал пенсияда жана анын 2 кыз, 2 уулу бар.

Анын айылдаштарынын айтымында, Жоварали аксакал эч качан бирөөгө катуу сүйлөп, урушкан жан эмес. Тескерисинче ар дайым айылдаштарына жардам берүүгө даяр.

Ал айылдын ичиндеги жолдордун барып оңдоп чыкты, дешет алар.

Мындан 15 жыл мурун жайлоого бараткан жолдогу көпүрө бузулуп калган. Жоварали аке 3-4 күн ичинде өз күчү менен көпүрөнү оңдоп чыккан. Бирок ал көпүрөдөн унаалар жүрө албай, жөө адамдар гана өтө алчу.

«Жоварали аке таштарды чогултуп, өзүнүн багындагы теректерди кыйып, унаалар өтө турган көпүрө курган», - деди тургундар.

Эгерде жетекчилик кызматтарга Жоварали акедей адамдар келсе, анда Кыргызстан дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкө болмок, деп кошумчалады айылдаштары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×