Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Ой-пикир: Абалың кандай алыскы аймак: Кара-Кужурдун кара суугу башталганда, - К.Усуптегин, Нарын облусу

Turmush -  Өткөн аптада Нарын районунун алыскы Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн башчысы 2015-жылы жасаган жумуштарынын эсеп-кысабын жашоочуларга жарыялап, быйылкы жылдагы милдеттери тууралуу маалымат берди.

Жыйынга өкүл Аманбай Кайыпов, райондук бийликтин жетекчилери катышты.

Жергиликтүү тургундар быйыл өрөөндүн кара суугу эрте башталып жаткандыгын кеп кылып турушту. Ал эми аймактын айыл өкмөт жетекчиси Курманбек Аалиев негизги жасалган жумуштарга басым жасады.

«2015-жылы көпчүлүк арыздар тоют чөп өскөн аянттарды берүү, короо сарайларды салуу, жөлөк пул чектөө боюнча түшүп, ал арыздар толук чечилди. Бир арызда айыл өкмөтүнүн эки кызматкеринин жүрүм-туруму боюнча жазылган, ал адамдарга акыркы эскертүү берилди», - деген К.Аалиев аткарылган жумуштарды бирден санап өттү.

Эң башкысы Лахол айылына таза суу киргизүү үчүн 5 млн сомдук жумуш бүткөрүлгөн. Жер-Көчкү айылындагы клуб жана орто мектеп толук кандуу оңдолуп, маданият тармагы отургучтар менен камсыздалган.

Лахолдо эмерек, Жер-Көчкүдө кийим тигүү жана эки айылда бирден пескоблок чыгаруучу чакан жайлар ачылган.

Орто жердеги Туура-Суу кыштоосундагы окуучуларды ташып келүү үчүн кичи автобустун айдоочусунун айлыгы жана күйүүчү майы чечилген. Жайыттарды туура пайдалануу үчүн Лахол айылына мал камоочу корук курулган.

Быйылкы жылга башкы маселе — ветеринардык бейтепкана ачуу жана малды асылдандыруучу жай куруу керектиги белгиленди.

Ал эми аймактагы 416 түтүн же 1854 адамдын башкы көйгөйлөрүн сөз алгандар белгилешти.

Анда суроо жоопко кезек берсек.

- Айылга тиш доктур алып келүүгө болобу? Ушул жагынан кыйналдык.

Бул соболго райондо көчмө тиш дарылоочу жабдыктар жок экендиги жооп кылынды. Бирок облус жетекчиси А.Кайыпов бир ай ичинде эки айылга бир күндөн көчмө топту уюштурууну, ал үчүн элге алдын ала айтып чогултууну тапшырды.

- Карышкырлар малды кырып бүтмөй болду. Ал эми сүйүнчүгө ала турган 5 миң сомдун кыйынчылыгы көп экен...

А.Кайыпов: - Президенттин кийлигишүүсү менен биздин облуска 2 млн 500 миң сом бөлүнгөн. Бирок биз өкмөткө маселе коюп, бир карышкырды аткандыгы үчүн сыйлык акчанын суммасын 10 миң сомго көтөрүүнү сунуштаганбыз. Эми ал акча 6 миң сом деп бекиди. Бирок териси аткан кишиде калат. Сыйлык акчаны алуу үчүн карышкырдын башын эле алып келсе болот.

- Соцфонддун акчасы көбөйдү. Аны пенсионерлер дагы төлөйт экен. 130-140 чакырым алыстыкта үлүш жерибиз бар. Бизге кыйын болууда?

Райондун социалдык кор башкармалыгынын жетекчиси Жаныбек Дордоев: - Бул эми мыйзам. Эң башкысы ар бир адам эртеңки күнү пенсияга чыгыш керек. Ошон үчүн киши башына эсептелүүдө. Пенсионердин үлүш жери болсо жери бар үчүн ал киши да төлөйт. Ошондуктан жерди балдарга которуш керек. Бир айга 46 сом төлөйт экенсиздер. 20 жылда 11 миң сом болот экен. А пенсияга чыкканда бул акчаны чындап келсе эки эле айда кайтарып аласыздар да.

- Келе жатып жолду көрдүңүздөр. Чындап келгенде унаа эмес, жөө киши баса албай калды. Жол оңолобу же таптакыр жоголобу. Ак-Таштан таш алган уналаар жолду талкалап бүттү. Биз эми аларды тосуп токтотоорубуз эле калды...

- Кара-Кужурдун жолу боюнча маселени коюп, жетекчисин кызматтан алуу сунушун да бергем. Эми дагы бир жолу июнь айына чейин мөөнөт беребиз. Жанакы таш тарткан унаалар келе жатканда инерттик материалдарды жүктөй келип бузулган жерлерге төгүп бергендей сүйлөшүү керек. Эгер алар көнбөсө, анда өтпөсүн, деген облус жетекчиси эл алдына №14 жол тейлөө ишканасынын жетекчисин чакырды.

Аталган ишкананын жетекчиси Каналбек Бердибеков 348 чакырым жол үчүн акча каражат аз бөлүнүп жаткандыгын, маселени Жогорку Кеңешке чейин койгондуктарын, Ак-Таштан таш ташыган фирмалар менен сүйлөшүп, биргелешип иштөөнү колго ала тургандыгын жооп кылды.

Жыйында ошону менен катар ипотекалык жана жеңилдетилген насыялар, айылда арак саттырбоо, билимдүү жаштарга орун берүү сыяктуу соболдор да берилип, жооптор кайтарылды.

Чогулуштан кийин облус жетекчиси Жер-Көчкү айылы аркылуу кыдырып, өрөөндүн тескей тарабындагы малчылардын турмушу менен дагы жеринен таанышты.

                    Жазган: Күмөндөр Усуптегин, Нарын району

Автордун грамматикасы жана жазуу стили сакталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7278
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×