Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Ой-пикир: Жаным Кырдач камчылан, кайрат кылып алчылан, - Ө.Дөлөев, Нарын облусу

Turmush -  Токсон күнгө созулган «Токсон» мезгили 13-декабрдан башталат. 13-декабрдан кийин 25 күн өткөндө кырк күнгө созулган «кыш чилде» мезгили өз өкүмүн сүрөт.

Кыш чилде 8-январдан 18-февраль аралыгындагы күндөр менен эсептелип, кырк күндү камтыйт. Элдик уламышта суук күндөрдүн пири болгон кыш чилденин алты жан-жөөкөрү болот деп айтылат.

Анын биринчиси — «Кырдач». Бул мезгил алты күндү ээлейт экен. Кырдачка чилде катуу талаптарды койгон:

Жаным Кырдач камчылан,

Кайрат кылып алчылан.

Мал майлуу калды,

Баарысы жайлуу калды.

Төө комдуу калды,

Кой жондуу калды.

Бука булкунуп калды,

Буура жулкунуп калды.

Жылкы жыйылбай калды,

Кысыр эм жалдуу калды.

Кыз эмчектүү калды,

Боз улан богоктуу калды.

Боз токту куйруктуу калды, - деп төрт түлүк малды арыктатуу, семиздерди азайтуу үчүн чилде ушундай айла-амалдарды кылган.

Өткөн доорлордо өспүрүм балдар жана бойго жеткен кыздар кыш мезгилинде өзгөчө түйшүктүү эмгектерди баштарынан өткөрүшүп, малды асыроодо катуу мээнет тартышкан. Ошол себептүү боз улан менен кызга карата жогорудагыдай талап жолдонгон.

Кырдачтын алты күнү аяктагандан кийин «Адынын алты уулу» деген алты күндүк катуу сууктун мезгили орун алат. Бул катуу суук 19-январда аяктайт. Ушуга байланыштуу орус элинин «Крещенские морозы» деген катуу сууктун күнү келет. 19-январь күнү бир таза айнек идишке суу алып койсо, ал суу жыл бою турса деле сапатын жоготпойт.

Токсон мезгилин чыгарсак, 13-декабрдан 25 күн өткөндө 40 күндүк (8-январь-18февраль) кыш чилде, андан ары 25 күндү эсептесек, 13-март болот. Эки чети 25 күндөн 50 күн, чилденин 40 күнү болуп, токсондук чыгат.

           Жазган: Өмүрбек Дөлөев, акын жана журналист, Ак-Талаа району.                            

Автордун грамматикасы жана жазуу стили сакталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6349
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×