Бөлүмдөр
Жума, 21-февраль
Ош облусуОш 28.01.2016 13:46

Айыл турмушу: Ош шаарындагы усталардын көчөсүндө Мухамедамин жасаган 5 миң сомго чейинки өзгөчө бешиктер (фото)

Turmush -  Ош шаарынын тургуну Мухамедамин Хосилжан уулу өз үйүндө эле жумуш ордун түзүп алган. Ар күнү жол басып же башка жерлерди ижарага алып убаракерчилик тартпайт. Кайсы гана мезгил болбосун жер төлөсүндө өз жумушу менен алек болот.

Ал атасы менен бир топ жылдардан бери бешик жасоо өнөрү менен алектенет.

«Бул жумушту баштаганыбызга 3-4 жыл болуп калды. Бул кесипти атамдан үйрөндүм. Бешик жасоо үчүн алгач талдарды 3-4 ай кургатып алабыз. Бешик жасоодогу кыйынчылык – ага гүлдөрдү түшүрүү», - деди М.Хосилжан уулу.

Мухамедаминдин көчөсүндөгүлөрдүн дээрлик бары бешик жасаган усталар. Алардын бары бир устаттын шакирттери. Ал эми жасаган бешиктерин базардагы сатуучуларга өткөрүп беришет. Бешиктердин базардагы баалары 1000 сомдон 5000 сомго чейин. Ал эми арча бешик 10 миң сомдон жогору турат. Анын жабдуулары миң сомдон жогору. Бешик сатуунун өзгөчөлүгү – мезгилге карабастан бирдей өтөт.

Бешик негизинен арчадан, кара талдан, кайыңдан же суу жээгинде өскөн теректерден жасалат. Себеби суунун жээгинде өскөн дарак ийилчээк болот. Ал эми бешиктин эң баалуусу – арча бешик болуп саналат. Бирок учурда арчадан бешик жасаган усталар сейрек кездешет. Анткени анын баасы кымбат жана базарда суроо-талап жокко эсе.

Ош шаарынын борбордук базарында да арчадан жасалган бешиктер дээрлик жок. Бирок буюртма менен жасаткандар бар. Бешикти сатып алуу учурунда да ырым-жырымдарды жасашат.

Мисалы бешикти соодалашпоо керек деп айтышат. Бешикти соодагер айткан баада гана сатып алуу керек, дешет улуу муундун өкүлдөрү. Салт боюнча бешикти кыздын ата-энеси алгачкы төрөлгөн жээн небересине алып баруусу керек. Бул салт көпчүлүк аймактарда сакталган.

Эң алгачкы бешик биздин замандын биринчи жүз жылдыгына таандык экени тууралуу маалыматтар бар. Ал археологиялык казуулар учурунда Орто Азиянын Жети-Суу өрөөнүндө табылган. Демек, ата-бабаларыбыз байыртадан эле жаңы төрөлгөн наристеге өзгөчө кам көрүп, тарбиянын башатын бешиктен башташкан.

«Көчмөн элдер жашоосунда бардык нерсени абалына жараша ылайыкташтырган жана шарт түзүп жашашкан. Анын ичинде бала багуу, бала өстүрүү бар. Баланы ымыркай кезинен тартып оору-кырсыктан сактоо максатында бешик ойлонуп табылган. Бүгүнкү күндө окумуштуулар көчмөн жашоону ар тараптан изилдеп көрүшүп, андагы эч кандай ашыкча нерсенин жоктугун жана пайдалуу нерселер көп экенин далилдеп чыгышты. Бешик көчүп жатканда ат үстүнө өңөрүп жүрүүгө да ыңгайлуу болгон», - деди тарыхчы Зарлык Солтоев.

Баланы бешикке бөлөө салты жалпы түрк тилдүү элдерде да илгертеден бери сакталып келе жатат. Бешик жасаган усталар да артынан шакирт калтырып, бул кесипти кылым карытып, муундан-муунга өткөрүп жатканы жана азыркы муундар да өздөрүнөн кийинки урпактарына бул кесипти өткөрүп берүүсү кадыресе көрүнүш.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×