Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Ой-пикир: Төртөөнүн кимиси ит болду экен?, - А.Сагыналы уулу, Нарын облусу

Turmush -  Башкаларын билбейм, мен «заман бузулду» деген кепти көп адамдан угам да, «заман бузулдубу же адам пейили бузулдубу?» - деген суроону көп ойлоном. Арийне, заман бузулбаса керек, туурабы?! Көрсө адам баласы, өзүбүз тескери иштерди жасап коюп, заманга же шайтанга шылтап басканды жакшы көрөбүз окшобойбу.

Жандалбастап, кара жанды карч уруп, бирибиз байлык үчүн, бирибиз бийлик үчүн күйүп-бышып чуркап жүрөбүз. Жөн чуркабай дагы биринин көз жашын агызып, дагы бирине кыянаттык жасап, дагы бирине бут тосуп, дагы бирин көрө албай, дагы бирине кошомат кылып дегендей. Же адам баласын Жараткан ушинтип сынайбы, ушундай кылып жаратканбы?...

Бул күн, жаз мезгили эле. Ары өткөн, бери өткөндү карап адатымча көчөдө күнөстөп турган элем. Аңгыча жаныбыздагы дүкөнгө эки атчан адам келип түштү. Жандарында ээрчиткен иттери бар, өздөрү берки «эргулдан» сеп этип алгандай. Бакылдап сүйлөшүп, бири айгырын мактаса, бири уюн мактап, бирде саясатка өтүп, бирде куру ушакка өтүп, бирде жашоону кеп кылып жатышат.

Мен дагы эмненин ичинен чыгышат болду экен деп бир чети эрмектеп карап турдум. Бакылдашкан бойдон дүкөнгө кирип кетишти. Оо, тээ бир убакта экөө чыкты белем, баягынын бири жок, ахыбалдары «энеңди...» дегенге жетип калышыптыр. Кудайга тобоо, 1-2 сааттын ичинде эле бул экөөнү «жылан чакпай, жылкы теппей» эле эмне болуп кетишти, ким билсин.

Экөө бир түшүнүксүз маселени чече албай, ары тартышып, бери тартышып эле жатышты. Булдуруктап бири-бирин сөгүп коюшат. Акыры бири-бирин түшүнө албады көрүнөт, жакалашмайга өтүштү. Ооздоруна ак ит, кара ит кирип, кайра карала ит чыгып жатты го чиркин. Бири-бирин «сен итсиң» дегенге дейре жетишти го.

Баягы бири-бирин «итсиң» деп жемелеп жаткан экөөнүн ээрчип келген иттери четте ээлерин карап, тилдерин салаңдатып, акактап жатышат.

Ошондо менде дагы бир ой пайда болуп, жакалашып жаткан «иттерди» бир карап, акактап жаткан иттерди бир карап, бир чети күлкүм келип, бир чети кейиштүү көрүнүштү аяп, бир чети спирт ичимдигине жиним кайнап, кимиси «ит» экенин айрый албай, ой-санаанын түбүнө чумкуп бара жаткансыдым. Жакалашып жаткан «иттерди» ит го десем, эки буту бар, тили бар адам сыяктуу көрүнөт, акактап жаткан «иттерди» карасам, алар кадимки эле ит экен десем, экөө кабышпай, тиштешпей эле беймарал жатышат.

Бул экөөнү ажыратып койгон дагы жан болбоду. Ал экөөнүн окуясы, желп этип соккон жел менен айылдын бул башына, тигил башына жетип жатты. Койгула, деп ажыратып коёюн десем, мени менен деле койгулашып кетчү түрлөрү кебетелеринен байкалып эле турат десең. Ошондуктан мен да жологон жокмун. Балакет-мээнетин алып не кылам деп. Ичиндегилери түшсө, иттерине жугунду же сөөк беришээр дедим. Анткени экөөнүн курсагы ток, ээрчип жүргөн иттери ачка.

Улам-улам жакалашып жаткан экөөнү, акактап жаткан экөөнү алмак-салмак карап коюп ал жерден мен дагы басып кеттим.

Ошол күнү менде «ал төртөөнүн кимиси ит болду экен?» деген суроо көпкө дейре жашап жүрдү.

               Жазган: Адилет Сагыналы уулу, Ак-Талаа району

        Автордун грамматикасы жана жазуу стили сакталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5007
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×