Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусу, Нарын 28.01.2016 09:33

Ой-пикир: Нарындыктардын 6 жылдан кийинки ойгонуусу, - К.Усуптегин, Нарын облусу

Turmush -  Кечээ, 27-январда Нарын шаарынын борбордук аянтына бир нече жүздөгөн жарандар чогулуп тынчтык митингин өткөрдү. Кылычын кармап турган кыштын ызгаарында топтолгондор бийликке бир нече талаптарды айтышып, мөөнөттү бир айга чейин берүүлөрүн, айтылгандар аткарылбаса анда мөөнөтсүз митингдер боло бере тургандыгын айтышып тарап кетишти. Айрым катышуучулар нарындыктардын 6 жылдан кийин оор уйкудан ойгонушуна өкмөт өзү түрткү болду, деп айтып чыгышты.

«Биз тынч эле жатканбыз. Жөн жаткан элди өкмөт өзү ойготуп алды. Эмнеге 50%дык төлөмдү кыскартабыз дешет. Эми ойгонуп алдык, оңой менен уктабайбыз», - деди Сталбек Алмамбетов аттуу тургун.

Анын айтымында, бийик тоолуу аймактардагы кошумча төлөм маселеси тез арада социалдык толкунга айланып кетти. Анткени өкмөттүн алдын алып мыйзам долбоорун чакыртып алгандыгы, бир күн мурда Жогорку Кеңештин депутаттарынын келип шайлоочулардын бир ууч тобу менен жолугушкандыктары мурдатадан жарыяланган митингди токтотуп кала албады. Элдин экинчи кыжырдануусуна 7-апрель окуясынын баатырымын деген Жыргалбек (каймана аты Кара-Балта) аттуу жарандын чакырыгы болгон.

«Ушул маселени ким көтөрдү, ким баштады, аны таап жазалаш керек. Экинчи маселе электр энергиясы жана унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча. Бизге электр льготасын көбөйтүп, өкмөт милдеттүү камсыздандыруу дегенди токтотсун деп талап кылабыз», - деди ардагер Жанабил Абдыракманов.

Ал эми Бактыгул Ысаев аттуу таксист эмне үчүн элдин атынан бир адам жооп бериши керек деп кекенди.

«Кечээ телеберүүдөн (жергиликтүү Нарын каналы) ошол баатырмын деген, эртең митинг болбойт, мен билем, мен токтотом деп айтыптыр. Элди токтоткондой ал ким. Бүгүн болсо өзү качып келбей койду. Ошон үчүн биз эл арасынан комиссия түзүп, жогору жактарга кайрылабыз», - деген жүйөөсүн келтирди ал.

Ошентип эл арасынан ар кандай нааразычылыктар, талап кылуулар көбөйө баштады.

«45 жаштагы 3 баланын энеси пенсияга чыгат. Эмне үчүн 2 баласы бар энелер пенсияга чыга алышпайт. Алар деле бирдей шартта жашап жатпайбы. Ошондуктан балдарынын санына карабай бардык аялдар текши 45 жаштан пенсияга чыксын», - деп өзүн Шайырбүбү Алжаңбаева деп тааныштырган айым талабын айтса, ардагер Токторбай Жетибаев пенсия көбөйтүлгөндө Нарындагыдай шартта жашагандардын барына  50% кошумча каражатты кошууну белгиледи.

«Мисалы пенсияга өлкө боюнча 100 сом кошулса, биздики деле ошондой. Эми мындан ары 150 сом болушу керек», - дейт ардагер.

2 саатка жакын убакыт ичинде көптөгөн адамдар сөз алышып, кыйласы 50%дык үстөк төлөм, камсыздандыруу, электр энергиясы үчүн тарифти төмөндөтүү боюнча кайра-кайра айтышты.

Ошону менен катар көмүрдүн баасынын 4 миң сомдон ашык кымбаттап кеткендигин, электрге бир айда карыз болгондорго өчүрүү башталгандыгын, майыптарга жер берилбей жаткандыгын белгилешти.

Эл алдына чыккан өкүл Аманбай Кайыпов тиешелүү жоопторду кайтарып, маселе маңыздарын жогору жактарга жеткирүүгө убада берди. Акыры 32 адамдан турган коомдук курам түзүлүп, алар негизинен 5 маселени бир айлык мөөнөттө чечүү талабын коюшту.

Алар:

- Келечекте бийик тоолуу аймактардагы калктын пенсиясына, жөлөк пулуна жана эмгек акысына кошулуучу кошумча төлөмдөр туурасында өкмөттүн расмий маалымат бериши;

- электр энергиясын пайдалануудагы социалдык тарифти 1000 киловаттан 1500 киловаттка көтөрүү;

- балдарга милдеттүү жөлөк пул чектөө;

- унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу тууралуу мыйзам долбоорун биротоло (2020-жылга чейин эмес) жоюу.

                                    Жазган: Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу.

                Автордун грамматикасы жана жазуу стили сакталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×