Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Нарын

Ой-пикир: Таштанды көбөйүп, тазалоого ал келбей калган абалга кимди айыптайбыз?, - Э.Осмонов, Нарын облусу (фото)

Turmush -  Жалгыз эле Кыргызстандын эмес, учурда бүткүл дуйнөнүн олуттуу көйгөйүнө айланган таштандылардын көбөйүшү урунттуу жагдайды түзүп келет. Таштандылар да мите курт сымал төлдөп, дүйнөнү басып бараткандыгы көпчүлүктү оор түйшүккө салып жатканы айдан ачык.

Мунун дарысын табуу да колдон келбей, күрөшүүлөр байма-бай улантылып, бирок майнап чыкпай түпөйүл кылууда. Кандай арга кылсак деп ойлонуп, оюнун аягына чыга албай жатканы канча? Кай бири кайдыгер гана таштандыларды туш келди ыргытып жатканы жанды кейитет...

Кыргызстандын кайсы шаарын жада калса айылын кыдырсаң анын жүзү биринчиден эле таштандынын «кооздугу» менен эсте калат. Суктанаарлык нерсесин көрүүдөн мурда таштандысын көрөсүң. Көрмөксөндүккө салайын десең да айласыздын иши болуп жатпайбы.

Жараатыңа туз сепкендей зээниң кейип, аргасыз башты чайкап өтөсүң. Андан да кызыгы таштанды салуучу челектер турса, ичине салбастан жанына ыргытып койгондоручу. Челек бош турат, а жанындагы таштандылар додо болуп үйүлөт.

Акыркы күндөрү интернет желелериндеги «таштанды жылдыздарынын» «государство төлөп берет» деген лакабы мода болуп кеткендей. Алардын максаты эмне? Ачылыш жасагысы келгенби же башкалар дагы сабак алсын дегениби, коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Айрыкча социалдык тармактарда жылдызы жанып турган чак. «Эшектен кийинки звездалар» деп шакаба чегип, пикир калтыргандарды көрүп бир эсептен туура кылышат, ушинтип уяткарып коюшсун, башкалар кайталабайт деген ойго келесиң. Эл деген эл да, таразалай турган калыстыктын башаты экенине ынанып кетесиң.

Таштандынын бир бөлүгүн түзгөн ыплас суулар кыш келгени муз аянтчасына айланды. Мындай көрүнүштөр башка мезгилдерде деле болуп келген. Бирок жерге сиңип кетип билине берчү эмес экен. Бардык турак жайларда колдонулган кир суулардын түтүкчөлөрү орнотулуп, сыртка агып жатат. Кээ бири арык менен агызып жиберсе, кээ бир үйдөн чыккан мындай суулар жерге сиңип жок болот.

Алардын бул кылганы туура эмес экенин айтсаң, жообу даяр, башка төкчү жер жок, дейт. Чынында эле карасаң кайда төгөт, төгүүгө ыңгайлуу жер жок экен деп үндөбөй кайтасың.

Деги эле таштандылардын көбөйүшүнө ким күнөөлүү?... Бул чоң суроо. Далил катары мисал келтиргим келди.

Мисалы: Бир шаарда Асан менен Үсөн эле жашаса деп коёлу. Таштандыларды Асан ыргытпаса же Үсөн ыргытпаса анда ким ыргытат. Шаар таза бойдон сакталмак. Демек күнөө ар бирибизде.

Тазалыкка көңүл буруп орду менен болсок көйгөй да болбойт. Бир да адам ыргытпаса таштанды асмандан жаабайт, бул чындыкка да коошпой турган жорук. Ошондуктан тазалыкты ар бирибиз өзүбүздөн баштап, жаратылышка кайдыгер болбойлу.

                        Жазган: Эламан Осмонов, Нарын облусу

Автордун грамматикасы жана жазуу стили сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4361
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×