Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Нарын

Ой-пикир: «Жүрөккө батпаган сүйүү» же жаштардын шаарга болгон кайдыгер мамилеси, - Э.Осмонов, Нарын (фото)

Turmush -  Көчөдө баратып зээн кейиткен түшүнүксүз жазууларды көрөсүң. Нарын шаарынын кайсы көчөсүн аралабагын кабат үйлөрдүн, дубалдардын бетинде «баланча кошуу түкүнчө» деп ашыктыктарын дубал бетинде кастарлаган сөздөрдү кезиктирүүгө болот.

Бир туруп ойлойсуң эки жаш сүйүшүп атса, башкаларга кандай тиешеси бар, дубалдарда эмне айып, бул жасагандары менен эмнелерди айткылары келди экен деп. Албетте ошол жаштардан себебин сурайын дейсиң, бирок аларды кайдан табасың, маселе ошондо болуп жатпайбы. Айтайын дегеним аларды табыш кыйын. Аларга чара көрүп, кандайдыр бир калыпка салуу оор экени турган иш.

Айрымдарын карасаң ысымы эмес же башка эмнени жазганы да түшүнүксүз. Максаттары эмне?... Азыркы тил менен айтканда мындай өнөр кимдир бирөөлөр үчүн мода болуп, хитке айланып жатканбы деген чиеленишкен ойго кептелесиң. Мода болуп жатса дубал бетине эмес атайын колдонуучу нерселерге тартып, көргөзмө катары жарманке уюштурса шаардыктар үчүн бүйүр кызыткан маанай тартууланмак. Бир эсептен калк үчүн жагымдуу маанай түзүлсө, бир эсептен өздөрүнүн шаарга жасап жаткан кайдыгерлигин жоюу менен күрөшүү деп эсептелээр эле.

Бул түшүнүксүз дубал сүрөтчүлөрү жөнүндө болду. Эми кеп учун кайра жаштардын дубал сүйүүлөрүнө бурсак. Сүйүүбүз дубалдарда сакталып калды деп эсептешкени менен чыныгы жашоосунда канча саатка сакталды экен деген ой ар бир эле адамдын оюна келсе керек.

«Баатыр болсоң жараатыңды ичке кат», деген накыл кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай океандай ашып ташкан сүйүүлөрүн баатырдык кылып ичке сакташса чоң эрдик болоор беле?

Ашыктыгын эл алдында жар салгысы келип, аргасы түгөнүп жатса баннерге чыгарып, көрнөк-жарнак илүүчү тиешелүү тараптарга салыгын төлөп илдирип койсо, балким сүйүүсү өчкөн кезде аны да алып коюуга мүмкүн болмок эле деген да ойлорду эл оозунан кулак чалат. Бир чети аргасыздын иши катары туура деп эсептеп кетесиң.

Дагы бир кызыкка туш болосуң. Аялдамалардын отургучтарына да сүйүүлөрүн аздектегендер кийинки күндөрү арбып бара жатат. Кызык... сүйүүлөрүн ушунчалык төмөн деңгээлде сакташабы. Андай болсо канчалаган адамдар сүйүүңөрдү төшөнчү кылып отурууда.

Ошондуктан ардактуу сүйүүнүн талапкерлери, сүйүүңөрдү ар кандай жерлерде эмес, бир гана жүрөгүңөргө сактасаңар дегим келет. «Айтсаң арман көп, айтпасаң арман жок» дегендей бул нерсе менен кайдыгерликти таштасак деген чакырык жасап өткүм келди.

Шаардын таза болушу — жүзүбүздүн нуру!

176837_g

                       176836_g

176833_g

176829_g

                       Жазган: Эламан Осмонов, Нарын облусу

Автордун грамматикасы жана жазуу стили сакталды

 


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5568
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×