Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Нарын

Ой-пикир: Жумгалдык балдардын аким болуу кыялын ойготкон талапкерлер талапка жооп береби?, - М.Асаналиев, Жумгал

Turmush -  Санаасы санга бөлүнгөн сай-сайлаган чоң курсактар акыры кызмат көздөөгө бел байлашты. Демигип келген деңгээлибиз ушул беле десек жаңылбайбыз. Район акимиатын айланып учкан каргалар учурда кыр ашууларды, бел ашууларды ашып Жогорку Кеңештин эшигин каккылап жатышат.

- Ким болосуң?, - Аким болом...

Азыр Жумгалда ар бир үйдө жаш балдар ким болосуң десе эле аким болом деп калышты. Себеби аким кеткени жатыптыр, акимге 4 жыл болуптур, акимдин мөөнөтү келип калдыбы? шайлоо качан болот экен деп ары барып бирди, бери барып бирди сүйлөп атсак кайран бала анан аким болгусу келет да...

Саясаттын сасык жыты айылды аралай баштады

Мен аким болмокчумун деп курсагын көтөрө албай жүргөнү деле, пенсияга чыгып абышка болуп калганы деле, көчөдө соода кылып жүргөнү деле жана борбор калаада темселеп жүргөнү деле Жумгалга аким болмокчумун деп жүрүшүптүр. Кимдер жүргөнүн уксаңар төбө чачыңар тик турат. Ай мурда жыргатып койгонсуп, мурдагы жүздөр кайра жүрүшөт дейт. Ушуга чейин районду гүлдөтүп ийбеген иши жоктор эми эмнеси менен өркүндөтөт. Сурап алаар эл бар, тактап алаар жер жана шайлап алаар ээси бар акимдиктин.

Белиң белден ашып калды, жаштар келсин

Саяктарга саксайган аким түтпөсө, жаштар келсин, жаштар бийликти алсын дегени деле бекер кеп. Болбосо акимдикке жүгүргөн «жөргөмүштөрдү» уксаң түндө уктабай каласың. Алардын акылына акыл кирбей калган. Жалаң эле бийликти, мансапты жана курсакты ойлогон эргулдар дагы аким болом деп куушурат. Азыркы аким А.Исагулов 4 жыл болсо кетет элем деп араң турат. 4-жылы да келди...

Ал кеткенче эле кетенчиктеп мен боло калайын деген дегдең баштар учурда Бишкекте, Жогорку Кеңеште жана чай үстүндө бапылдашат.

Аким болуп эле жыргап аткан бар бекен? Же ичип-жеп алчу бир нерсеси болсо же менчиктеп алган оокаты, жери, азыгы болсо бир жөн. Акыркы келген акимдерди Өкмөт жыргаткан жок, канын соруп, каржысын тоноп, жылаңач кылып кетирмей болду. Анан эле аким болмокчумун дегендерди угуп бир чети сүйүнсөң, бир чети байкуш дегиң бар.

Анан да башка жерди жыргатып койгонсуп ырдап, күлгүсү барлар азыр кишиден киши салып, адатынча аким болмой адаты менен алек. Болбосо акыл-эси барлар мейли жаштар келсин, ишке тыңы келсин деп бут тоспой тескерисинче колдоп, коштоп турушса кут коноор беле...

Кыргыздын кызыгы эми башталат окшойт

Эл арасында тарап кеткен кептерге саресеп салсак Жумгал районуна аким болом дегендердин катарында «Кудайдан жөө качканы» да бар. Дегеним, биринен бири өтөт...

Ооба, сунуш берилет, сунуш бериш оңой, бирок эл ишеними менен жергиликтүү кеңештин депуттарынын добушун кантип алабыз? Аким болуп келдиң, элдин мүдөөсүн чечкен аким болосуңбу же элден жеген аким болосуңбу деген суроо, кеп бар.

Ошондуктан аким десе Алайдан Алтайга бараткандай же Жети-Өгүздөн Жерге-Талга бараткандай көөшөрүлбөй, ойлонуп оокатыңызды кылыңыз. Элдин тагдырын, элдин мүдөөсүн, элдин маселесин, элдин жашоо-турмушун чечкен аким бол. Социалдык-экономикалык абалды өнүктүрөм, жакырларды азайтам, жумушсуздарды азайтам, иш менен камсыз кылам деп кел.

Ааким болмокчумун деп эле элдин убал-сообуна калып калба!

                   Жазган: Мирбек Асаналиев, Жумгал району

Автордун грамматикасы жана жазуу стили сакталды

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4984
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×