Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

Адистин кеңеши: Бруцеллез оорусун жуктурбаш үчүн малдын этин 3 сааттай кайнатып жеш керек, - дарыгер Д.Койчуманова

Turmush -  Бруцеллез оорусунун алдын алуу үчүн малдын этин 3 сааттан кем эмес кайнатып жеш керек, деп билдирди Кара-Көл шаардык орууларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борборунун бактериологиялык лабораториянын башкы дарыгери Дамира Койчуманова.

Анын айтымында сүт азыктарын дагы кайнатып ичүү зарыл.

«Мал сарайга барып келгенден соң, колду таза самындап жууш керек. Бруцеллез менен көбүнчө мал доктурлар, саанчы, зоотехниктер, чочко баккандар, койчулар жана эт комбинатында иштегендер оорушат.

Оорунун биринчи белгилери 6 күндөн 1 айга чейин ар кандай абалда болот. Полиморфизм деп коебуз. Биринчм жуктуруп алган адамдын дене табы көтөрүлүп, ички органдарынын иштөөсүнүн бузулушу болбойт. Мында адамдар дени сак адамдардай эле жүрө беришет. Аларды лабораториялык изилдөөдө гана каны аркылуу чыгат. Кээ бир оорууларда курч жана өнөкөт формасы байкалат. Мында дене табы 40 градуска чейин көтөрүлөт. Ошол эле учурда учурда оорулуу өзүн жакшы сезет, эмгекке жарамдуулугу толук сакталат. Даттануусу,алсыроо, кыжырдануу, муундары жана булчундары бир аз убакытка ооруйт. Улам сайын чыйрыкканы кайталанат, кол шал болуп тердейт. Териси нымдуу болот. Боору, көк боору бир аз чоңоет. Оору бир нече айга, жылга чейин өнөкөт катары созулат.

Бруцеллез оруусу муундардын, нерв системаларын жабыркатып, өтүшүп кеткен формасы 70%га ишке жарамдуулуктан ажыратат. Эркектерди тукумсуздукка, айымдардын боюнан кара-кайра түшүсүнө алып келет.

Иммунитети күчтүүлөр гана бул ооруну жеңип кетиши ыктымал. Оруудан толук сакайуу кыйын, канда анын таякчалары жашай берет. Ошондуктан адамдар бул орууну жуктуруп алуу коркунучунан сактануусу зарыл. Шаар жерлеринде ресторан, кафелерге барганда эт кошулган тамакты жегенде жуктуруп алгандар да бар. Айрыкча шишкебектен жугат. Бул ооруну толук жоюу жана күрөшүү үчүн ветеринардык кызматты жакшыртуу керек. Анын базасын заманбап техникалар менен жабдылышы керек», - деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13213
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×