Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.01.2016 12:06

Адистин кеңеши: Тиш дарылоочу жайдан, сулуулук салондорунан вирустук сарыкты жуктуруп алуудан абайлоо керек, - дарыгер

Turmush -  Кара-Көл шаарында 2015-жылы сарыктын «А» түрү менен ооруган адамдардын басымдуу бөлүгүн жаш балдар, өспүрүмдөр түзгөн. Бул тууралуу шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2014-жылга караганда 2015-жылы 52 адамга көп катталган. Ал эми өткөн жылы жугуштуу оорулар бөлүмүнө сарыктын орто жана оор формасы менен ооруган 29 бейтап кайрылып, дарыланып чыккан. 2014-жылга караганда 2015-жылы 9 адамга көп жаткандыгы жыл жыйынтыгында аныкталган.

Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлик борборунун жугуштуу оруулар бөлүмүнүн башкы дарыгери Насират Качкынбаеванын айтымында, сарыктын «А» түрү менен көбүнчө жаш балдар ооруйт. Бул ооруу циклдык агым болгондуктан, ар бир 4-5 жылда көбөйүп, күчөп турат.

«Сарыктын «А» түрү боткин оруусу деп аталып, боорду жабыркатуу менен мүнөздөлө турган жугуштуу оруу. Аны «кир колдордун» оорусу деп аташат. Дени соо адамга кир колдор же вирус алып жүрүүчүлөр аркылуу жугат. Таза жуулбаган идиш, жашылча-жемиштер, балдардын оюнчуктары жана термикалык жактан кайра иштебеген тамак аш азыктары - булардын баары оруу жугузуучу булактар.

Оорунун биринчи белгилери суук тийген оорулары же ичеги карын жугуштуу оорусу сыяктуу көрүнөт. Бирок, өзүнүн негизги белгилери болуп, теринин түсүнүн сары тартышы, көздүн агынын саргайышы, заранын кочкул болушу, заңдын агарышы эсептелет. Эгер үй-бүлө мүчөлөрүндө ушул белгилер катталса, күтүүсүз ооруканага кайрылуу керек.

Сарыктын «А» түрү менен ооругандарды үй шартында, төшөктө өздүк гигиенаны сактоо менен кароого болот. Мында 30 күнгө чейин оорулуунун колдонгон идиш аягын, буюмдарын хлорокамин менен жууп туруу керек. Дарыгердин көзөмөлү менен диета кармап, 6 айга чейин оор көтөрбөө зарыл», - дейт дарыгер.

Башкы дарыгердин айтымында, сарыктан сактануунун жолдору ар бир адамга тиешелүү. Ал үчүн өздүк тазалык эрежелерин так сактоо керек.

«Дааратканадан же коомдук жайдан келгенден кийин, колду самын менен таза жууп, анан тамактануу шарт. Жашылча-жемишти жууп жеш керек. Сууну кайнатып ичүү зарыл. Ал эми суу ичүүчү идиштерди таза жууп туруу зарыл. Эгер ушул эрежелер сакталса бир гана сарык оруусу эмес, башка оруулардан алыс болууга мүмкүн», - дейт ал.

Сарыктын «А» түрү менен ооругандар жогорудагы айтылган талаптарды так аткарса, толук кандуу сакайып кетет. Кийин ден соолугуна коркунуч болбойт. Ал эми сарыктын В,С,Д түрлөрү кан аркылуу жугат.

«Бул формасы менен ооругандардын колдонгон күнүмдүк буюмдары маселен, тарагы, тиш жуугуч щеткасы, тырмак алгычтары сыяктуу жеке гигиеналык буюмдары өзүндө болушу керек. Ар бир киши орууканага барганда ал жердин санитардык тазалыгын сурап, талап кылуусу шарт. Ошон үчүн медицинада колдонулган бардык аспаптар бир жолу колдонууга гана жарайт. Айрыкча тиш дарылоочу жайдан, сулуулук салондору өңдүү жерлерге барганда кан аркылуу вирустук сарыкты жуктуруп алуудан абайлоо керек. Анткени бир тамчы вирус алып жүргөн кан денеге кирген соң, бир нече жылга чейин клеткада сакталып, иммунитетти начарлатып, орууну пайда кылышы мүмкүн», - деди Н.Качкынбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×