Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Ой-пикир: Ишкерликти өркүндөтүүнү максат кылган мыйзам адамдардын азыктан ууланып, көз жумуусуна алып келди, - М.Асаналиев, Нарын облусу

Turmush -  Соңку жылдары тамак-ашка уулангандардын саны артып барат. Былтыр өлкө аймагында 5 адам тамак-ашка ууланып жан берсе, быйыл жарым айга жетпей 2 адам ботулизмден көз жумду.

Мына азапка салган турмуштун айыбын чегип жатабыз. Өкмөттө отурган бизнесмендер ишканасын текшерип келгендерден тажашкансып, мыйзамды токуй калып текшерүүгө бөгөт коюп салышты. Ооба текшерүүнүн жоктугу бир чети жыргал болсо, бир чети өлүмгө алып келип жатат.

Ары барсаң ар кошкон, бери барсаң берекеси жок азык-түлүктөр базарларда, соода дүкөн-күркөлөрдө сатылып келет. Айрым азыктардын чыккан мөөнөтүн же бүткөн мөөнөтүн билбейсиң. Бир күнү сатып алган азыгыңдан бир нерсе чыкса, аны алып барып арызданганың менен деле баары бир. Текшерүүчүлөр 10 күн мурун текшеребиз деп жар салып алып, 10 күндөн кийин баягы сатылган азыктар менен соода жайын текшергенче ал оокат теңирден ары кетет.

Санитардык абалдын жана текшерүүнүн жоктугунан акыркы жылдары өлкө аймагында оорулардын саны арбып, уулангандардын саны көбөйгөнү көбөйгөн.

«Эмне болсоң ошол бол, Мамайдын көрү» демекчи азыркы бийликте элди ойлоп койгон бир жан жок. Баары эле өз арабаларын тартып, өз бизнестерин гана сактоонун жолдору менен алек.

Мурда ар бир ишкана, ар бир соода жайы, ар бир тамактануу жайы көзөмөлгө алынып убакыт, сааты менен эскертүүсүз текшерилип келген. Эми эмнени эмнеден жасап жатканы белгисиз. Билбей эшектин этин деле далайыбыз жеп жүрдүк го?. Тазалыгы жок жерде жасалып сатылган канча азыктар келет. Санитардык көрсөтмөлөрү жок сатылып жаткан азыктар, коом үчүн даярдалып, өндүрүлүп жаткан азык-түлүктөр эмнеге текшерилбеши керек. Мына мунун баары Экономика министрлигинин кылтыйтып кылган иштери...

Адам баласынын ички органынын оорусун медициналык аппарат менен билбей туруп аныктама койгондой эле болуп атпайбы бул жагы. Бирок акыры кандайдыр бир жолу болушу керек да. Эл ишенбей калды, эл кооптонуп калды бир нерсени сатып алуудан.

Адамдан амал качып кутулбайт: үстөмдүк, уурулук, алдамчылык, калыссыз жашоо.

Турмуштун запкысын көрүп, көрүнгөнү көшөрүп жашаган заман да. Азыр ар бир пенденин башына ар кыл көйгөй илинген. Бири алдаганга маш болсо, бири үстөмдүк менен алек. Бири акча табуунун амалын ойлонуп жатса, бири байлыгы туруп башканыкына көз артат. Ал эми калың элдин катмарында жада калса күнүнө тамак-аш таап жей албаган адамдар да бар. Кээси бактысын издесе, кээ бири тамак-аш таап жештин амалын көрсө, кай бирлери үй-бүлөсүн багуу үчүн өлкөнүн сыртында жүрөт.

Кекиртек жуткан келечек, кокого сайылган ичкилик.

Жаңы муун, жаш муун келе жатат, дегенибиз менен айрым жаштарыбыздын чынында келечекти түптөп, келечекти башкарып кете албаарына көзүбүз жетет. Ооба айрым учурларда кээ бир жаштар келечекти эч ойлонушпайт, сый-урмат жана тажрыйба алуу, акыл, насаат угуп калуу деген ой жок. Баары эле чоң, баары эле билерман, баары эле кыйратып кыйынсынган жаштар.

Бизде илгери ата-баба, чоң ата, чоң энеден насаат алып калуу, атанын кебин угуу жана ага, ини карындаштарга көңүл буруу, кайдыгер карабоо, жардамга муктаждарга көмөк берүү, элди ынтымакка чакыруу сергек жашоону өркүндөтүү деген жакшы сапаттар болоор эле. Эми алардын баары заманга жараша болуп калды окшойт.

Эне тилди ээсине бердикпи? же «18 жаш», «Күйдүм чок» азыркы «Келин келгенский» менен толукталдыбы?

Азыр ырдын да мааниси жашоого жараша болуп калган өңдүү. «Ыр менен бүткөн махабат, ырдалып бүтпөйт махабат» деп келген сүйүү азыр «атаң барбы, апаң барбы айтып койчу танцага» болуп калды.

Турмуш кайсыл жакка алып барбасын, жашоо ошол нукта кетет. Тил комиссиясы эне тилди элжиретип бүтүрдү. Көрүнгөн жерге жабышып көрүнгөн бийлик төбөлү менен өкмөткө акыры өкүрүп атып өтүксүз калды кыргыз тили. Бир канча кылым тарыхы бар кыргыз эли акыры кыйын абалга кептелмей болду окшойт. Тилибизди, динибизди эмитен эптештирип албасак, кийин кеч болуп калат, кыргыгызым.

Өкмөт тил маселеси менен тарыхты калыптандырып элдин эсине эски турмуштан көз жаздымда калтырбай эстетип турбаса, бөөдө улутубуз менен динибизден ажырап калуу алдында турабыз. Чыгыштан чымыны, батыштан бакасы, тескейден террористи келип тегирмен кылып кете электе эсибизге келели.

Орусия берген 10 сомду оозго салбай жоготтук...

Орусия каржылап, Орусия жыргатып, Орусия кыйратып баштады деп акыры өлкө аймагына ГЭСтерди кыдырата куруп баштаган жаныбыз, жанталашып жаагыбызды кармабай кол чапкан элек. Эми минтип Орусия берген 10 сомду оозго салбай жоготуп отурабыз.

Андан да кызыгы комплекстүү өнүктүрүү программасынын алкагында региондордо ишканалар ачылсын деп 3 млн 500 миң АКШ доллары каржыланган, аныбызга ишканалар ачылды. Бирок келечеги эмне болду, алган оокатабыздын азыр келечегин карадыкпы? Ошол берилген каражаттардын кайра суроо-жообу болсо, эмдигиче дагы башка ишканалар ачылмак беле.

«Бекер оокат белден өйдө кетет», - дегендей эле бекер келген гранттар учурда белден өйдө кеткендей эле кайтарымы жок оокат кылмай болду. Себеби ошол берилип жаткан гранттардын кандайдыр бир мөөнөттө кайра кайтарып берүү, жоопкерчилиги каралса канчалаган тургундар жумушчу орун жана өз ишкерликтерин өркүндөтүп кетет беле деген ой.

Жазган: М.Асаналиев, Жумал району.

Автордун грамматикасы жана жазуу стили сакталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4907
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×