Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Нарын

Ой-пикир: Ак-талаалык талант тоо арасынан геморройду айыктыруучу чөп тапты, - А.Сагыналы уулу, Ак-Талаа району (фото)

Turmush -  Кудайга миң мертебе шүгүр кылууга болот. Арийне кыргыз эли кандай гана айтып бүткүс, жазып бүткүс кереметтүү, касиеттүү жаратылыштын коюнунда, табигаттын кучагында жердеп калгандай. Таптаза мөлтүр шар аккан суулары, бийик-бийик көк мелжиген тоолору, тоо астында да, тоо үстүндө да адамзатка эң пайдалуу, эң керектүү кен байлыктары, асыл таштары, дары чөптөрү, жан-жаныбарлары деги койчу кереметтүү жаратылыштын кучагына оролуп, касиеттүү жерде жашап жатканыбызга шүгүр дебестен башка эмне дейсиз?!

Табигат менен таттуу мамиледе болуп, табигат менен сырдашып, анын кооздугуна баам салып жүргөнүбүз ашыктык деле кылбаса керек. Ооба, кыргыз жергесинде ажайып керемет тоолордун ичинде, арасында не деген гана өсүмдүктөр өспөйт? Пенделикке салып, аларга маани берип, баам салуудан баарыбыз эле алыспыз. Жөн гана өсүмдүктөр катары кабыл алып, алардын канчалык деңгээлде адам баласына пайдалуу экендигин билбейбиз.

_DSC0273

Ошол тоо коюнунда өскөн жапайы өсүмдүктөрдүн канчасы биздин турмушубузга, дегеле ден соолугубузга пайда алып келээри туурасында баардыгы эле толук изилденип бүтпөсө керек жана бүтпөйт дагы. Мына ушул сырдуу, дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү билбестиктен үстүнөн тебелеп өтүп жүргөнүбүз чын эмеспи.

Мындай дарылык касиетке ээ же башкача айтканда геморрой илдетине каршы дары чөпкө мындан 5 жыл мурун Нарын облусунун алыскы Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну, айылдагы таланттуу адам кез келип жатпайбы. Доорубузда адам оорулары күч алып, аларга айрым учурларда медицинанын деле алы келбей жаткандыгы дагы чындык эмеспи.

Ушундай дары чөпкө кез келип жаткан 54 жаштагы Адылбек Макеев ага менен баарлашууга дитим чаап, ошол адамдын үйүнө атайын бардым. Адамды жылуу кабыл алып, сүйлөсө тилинен чаң дагы, бал дагы агып турган, поэзия дүйнөсүнө жакын, анын ичинде сатирага басым жасап, жамактап ыр жаза койгон, өз оокатына тың, 2 уул 3 кыздын күйүмдүү атасы, жөнөкөй, өтө жөнөкөй, адам экен. Анан дагы башка жанга кара санабаган, кичипейил, мээнеткеч адам экендиги ар бир сүйлөгөн сөзү, баскан кадамы, кыймыл аракети, өзгөчө 54 жаш куракта болсо дагы, жаш жигиттердей шамдагай кыймылдагандыгы, шайыр адам экендиги анын ар бир кыймылынан, сөзүнөн байкалып турду.

Жараткан деле асыл нерсесин жакшы адамга кездештирет окшобойбу десең. Аалам сырлары жөн жерден чыга калбайт. Бирок, жөнөкөй эле бир нерседен чыга келээрин илимпоздордун, жазуучулардын, окумуштуулардын өздүк тарыхынан кездештирүүгө болот. Алсак белгилүү физик Исаак Ньютон күздүн күнү алма бактын түбүндө жатса, бир алма үзүлүп түшүп физиктин башына тиет. Ойго баткан физик «бул алма эмне үчүн жерге түшөт, каптал жакка деле, шамал болуп жатса жогору жакка деле түшпөйбү?», - деген суроо менен түйшөлүп, миң ойлонуп, миң толгонуп жатып, акыры жер шарынын тартылуу күчү бар экендигин, жер шарынын ортосунда мантия бар экендигин изилдеп, акыры аягына чейин аныктап, тактап берип жатпайбы.

Эми дары чөпкө даарат кылуу учурунда кездешип калган А.Макеев агабыз мындан 5 жыл мурун, башкача айтканда 2011-жылы Арпа жайлоосуна бир катар адамдар менен атчан аттанып чыгышат. Арпа жайлоосуна жетүү үчүн бери дегенде эле 2 күн убакыт сарпталат. Алар аталган жайлоого сапар тартып бара жатып күн кечтеп калгандан улам жайлоого аша турчу Жаман-Дабан ашуусуна түнөп калышат. Улуу сөздө уят жок дегендей бир убакта Адылбек агабыз даарат кылат, бирок талаа-түздө кайдагы даараткана жана кайдагы кагаз?.

Топтошуп өсүп турган, майда жалбырактуу өсүмдүктү тобу менен жулуп алып, колдонот. Бир аз убакыт өткөн соң ал чөп катуу дуулдатып, ачыштырат. Бир өйдө, бир ылдый чуркайт. Жарым сааттан соң басылып калат. Бирок анын геморройго дары экендигин сезген эмес. Арийне, буга чейин өзүндө жабышып жүргөн аталган оору ушундан кийин жок болуп кетет. Кийинки жылы Таалайбек аттуу кошунасы экөө кыш мезгилинде аң уулоого барып калышат. Бул мезгилде, кошунасы бул илдеттен жабыркап, Адылбек агага кайрылып ал колдонгон чөптү сурайт.

Баягы «мөңкүткөн» чөптүн касиети ушул кезде билинип, ачыкка чыгып жатпайбы. Анткени кар астында баягы касиеттүү чөп өз сынын, түсүн жоготпой жашыл бойдон турган экен. Жулуп барып, берки адамдын колуна карматып, ал адам сүйкөнүп көрүп, ал дагы бир ордунда тура албай, ары-бери чуркап жатып жарым сааттай убактысын кетирет. Бирок андан кийин аталган оорудан сакайып кетет.

Мындай касиеттүү чөпкө кездешкен, бир чети таңданган, бир чети кубанган курдаштар бир кап толо баягы чөптү казып келип, геморрой менен ооруган адамдарга сунуштап таратып беришип, алардын «мөңкүгөнүн» көрүп бир чети каткырып күлүшүп, бир чети дартка дабаа таап алгандарына кубанышат. Ырас, аталган чөптүн күчү менен бир топ ак-талаалык бейтаптар оорудан арылышат.

Эми бул дарылык касиетке ээ болгон чөп туурасында дагы ой бөлүшүүдө Адылбек агабыз аталган чөп тоо этектеринде топ-топ болуп өсүп, бышкан кезинде сары түстүү гүл ачып турарын, бирок, гүл ачып турган кезинде өз күчүн жоготуп, дарылык касиетинен айрыларын, гүл ачканга чейин жана гүлү түшкөндөн кийин колдонууга болорун айтып берди.

Андан сырткары мындай чөптөрдүн 3 түрү өсөт, дары чөптү берки экөөнөн болгону жыты менен гана аныктоого болот.

Ошондой эле күз мезгилинде берки окшош эки чөптөр саргайып калса, бул дары чөп саргайбастыгын, кар астында дагы жашыл бойдон тураарын, алтургай кадимки медицинада колдонуп жүргөн вазелиндей болуп майланышып, жалбырагы, сөңгөгү аталган ооруга дабаа экендигин кошумчалады.

Жаратылыш дагы бир сырын жөнөкөй адамга, болгондо дагы поэзия дүйнөсүнө жакын, карапайым адамга ачып берди.

Ооба, бул дары чөптү изилдетүүгө эч кандай деле аракеттер көрүлгөн жок. Арийне, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан бул туурасында билип, алдыртып дарылынгандар көп болду. Айрыкча Бишкек калаабыздагы айдоочулар көп алдыртып кетишээрин Адылбек аганын өз оозунан уктук. Адылбек аганын Германияга турмушка чыккан бир кызы атайын изилдетип көрүүнү атасы Адылбекке сунуштайт. Бирок жанагы аягын айтсаң дагы түгөнбөгөн героин, анаша жана башка сыяктуу чөптөрдөн болуп калып, жолдон кармалып калып, дагы бир балээсине кабылып калбайлы деген таризде кызынын сунушуна макул болгон эмес.

Ал эми эл ичинде бул дары чөптү бири «Адылбек чөп» бири «геморрой чөп» атап алышкан. Албетте, медицинада дагы дары-дармектер деле айрым адамдарга таасир бербеген сыңары, бул чөп дагы айрым адамдарга таасир бере албагандыгын, айрымдарын аллергия кылганын, бирок аллергия болсо дагы атың өчкүр жанагы геморройдон арылтып салгандыгын Адылбек ага айтып отурду.

Ал эми колдонуусу боюнча кеп козгой турган болсок, аталган адыр чөптүн жалбырагын же тамырын бир аз нымдап, нымдашып, майланышып калгандан кийин ооруган жерге сүйкөй берүү керек. Бир аздан кийин дуултатып, денеңди отко кактагандай болуп, чыдатпай ачышып, ысып чыгат. Бул мезгилде сүйкөөнү токтотуу керек. Бирок ачышуу жарым же бир сааттай убакытка созулат. Ачышканына чыдабай ооруган жерди жууп салууга болбойт, анткени ачышуу өтүп кеткенден кийин, геморрой бирото жок болот.

Эгер өтүшүп кеткен геморрой болсо 3 жолу сүйкөө керек. Болбосо бир эле жолу сүйкөгөндө же колдонууда таасир берээри дагы маалым болду.

Ак-талаалык дагы бир тургун геморройдон жабыркап, операция жасатууга даярданып жаткан мезгилде Адылбек аганын сунушу менен 3 жолу бул чөп менен дарыланып көргөн. Ал дагы геморройдон кутулган.

Агабыз өзү айткандай, учурда Адылбек агага кездешкен сайын «менин доктур акем» деп ийилип таазим кылып, саламдашып турат.

Адылбек ага өзү ким?...

Жогоруда айтылгандай жаратылыштын коюнунда  өскөн, жаратылыштын кооздугуна суктанган, айрым учурда аң уулоого кызыккан, өзү айткандай билимсиз, бирок, акындык, жамакчылык өнөрү менен эл оозуна алынып, аз да болсо Ак-Талаа жергесинде аты чыгып калган адамдардын катарын толуктап келет. Сатиралык ырларды катыра жазган, кудум эле Мидин Алыбаевдей курч жана мурч аралашкан сөздөрү, ырлары менен калк ичинде кадыры бар инсан.

Былтыр, 2015-жылы «Тоо арасындагы талант» аттуу ырлар жыйнагын балдар-кыздарынын сунушу, көмөгү менен чыгарып, Ак-Талаа жергесинде дагы бир акын бар экендигин, болгондо дагы М.Алыбаев атабыздай сатирик акын бар экендигин көпчүлүккө далилдеп бере алды десем жаңылыштык болбос.

_DSC0280

_DSC0289  

_DSC0276   

             Жазган: Адилет Сагыналы уулу, Ак-Талаа району.

          Автордун грамматикасы жана жазуу стили сакталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10291
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×