Бөлүмдөр
Жума, 21-февраль
Ысык-Көл облусуКаракол 12.01.2016 09:30

Айыл турмушу: Караколдо лыжаны ижарага берүү бизнесин баштаган эң биринчи үй-бүлө аларды Европадан алдырат (фото)

Turmush -  Каракол шаарында учурда лыжа жана сноуборддорду ижарага берүүчү 12 жай иш алып барууда, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Алардын арасынан алгачкылардан болуп бул бизнести баштаган үй-бүлөнүн лыжалары каникул жана эс алуу күндөрү толугу менен ижарага берилет.

«Ата-энем менен чогуу иштетебиз. 120 түгөй лыжа бар. Эс алуу күндөрү баарын ижарага алып кетишет», - дейт Акжолтой Марат уулу.

Акжолтой жана ата-энеси бул бизнести 7 жыл аралыгынан бери жүргүзүшөт. «Андан түшкөн каражатка улам жаңы лыжаларды алып, бизнести кеңейтип жатабыз. Бир лыжаны чет жерден 500 долларга топтому менен алабыз», - дейт ал.

Лыжаларды алар Европадан атайын буюртма менен алдырышат. Ижара баалары анын жылына жараша болот. Мисалы 2013-жылкы лыжалар бир күнгө 600 сомго берилет. 2014-жылдагылар 800 сом, 2015-жылкы жаңы лыжаны 1 миң сомго ижарага беришет.

Ал эми иш күндөрү 10-15 түгөй лыжа ижарага берилет. «Кардарлар көбүнчө Россия жана Казакстандан келген туристтер. Ошондой эле Бишкек шаарынан да эс алуучулар көп келет. Максатыбыз — шаарда кышкы туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу», - дейт жаш ишкер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×