Бөлүмдөр
Жума, 21-февраль
Талас облусуТалас району 09.01.2016 10:24

Айыл турмушу: Кагаздан буюм жасоо менен комуз чертүүдөн рахат алган таластык Данияр адам бою менен тең ак куу жасоону пландоодо (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Арал айылынын 23 жаштагы тургуну, студент Досмат Данияр уулу кышкы эс алуусун пайдалуу иштер менен өткөрүп жатат. Мен өзүм тилчилик кесипти окуп жатканым менен ойлоп табуучулукка жөндөмүм бар экенин билем, деди ал Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде.

Даниярдын айтымында, ал кагаздан кооз буюмдарды жасоону өздөштүргөн. Мындан тышкары комуз чертүүдөн да рахат алат.

«Мен негизинен кагаздан ак кууларды жасайм. 1 ак кууну жасоо үчүн 160 даана ак барак керектелет. Өзүм төрт бир туугандын улуусумун. Жаңы жыл майрамы алдында кагаздан жасаган буюмдарымды белекке берип, жакындарымды кубанттым. Муну көргөн, билгендерден суроо-талап түшүп жатат. Мындан улам кышкы эс алууда дагы 10 ак куу жасап, аны тааныштар алып кетишти. Келечекте адам бою менен тең болгон ак куу жасасам деген ниетим бар», - деди Д.Данияр уулу.

Данияр адам өзү сүйгөн жумуш менен алек болуп, жоктон бар жасоо менен стресстен арылса боло турганын кошумчалады.

«Ак куу жасаганда кадимкидей жаман ойлордон арылып, өзүмдү эс алгандай сезип калам. Муну жасоо үчүн албетте математикалык тактык да керектелет. Кышкы эс алууда мен өзүмдү толук кандуу эс алып жатам деп эсептейм. Кагаздан буюм жасап, мээмди эс алдырам. Комуз чертип жан дүйнөмө тынчтык, аруулук тартуулап жатам», - деген Досмат 21 жашында Талас шаарында 112 мектептин окуучуларынын катышуусу менен «Шайырлар жана тапкычтар клубун» уюштурган.

22 жашында ошол эле 112 мектептин окуучулары арасында «Сармерден» ыр-бий чыгармачылык оюнун уюштурган.

«Учурда Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин студентимин. Бирок Талас облусундагы жаштардын коомдук, маданий иштерде активдүүлүгүн арттырып, потенициалын жогорулатууга өз салымымды кошум келем», - деп сөзүн жыйынтыктады Досмат.

20151009_220413

20151009_220126


_DSC1031

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×