Бөлүмдөр
Жума, 21-февраль
Ысык-Көл облусуТоң району 07.01.2016 10:53

Айыл турмушу: Тоңдун Бөкөнбаев айылында жарым кылым бирге өмүр сүргөн Карып ата менен Зина эне согуш маалында көргөн кыйынчылыктар (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ж.Бөкөнбаев айылынын кадырман карыялары Карып ата менен Зина эне 50 жылдан ашык чабан болуп, ошол жылдары берилген пландарды ашыгы менен аткарышкан. Бул тууралуу алар Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиришти.

Алар 9 баланы багып өстүрүп, учурда 34 неберенин, 21 чөбөрөнүн чоң ата-чоң энеси, таята-таенеси болушту.

Мамыркулов Карып 1928-жылы май айында төрөлгөнүн айтат. Анын айтымында, Улуу Ата Мекендик согуш башталганда 13 жаштагы кичинекей бала болгон. Ал согуш маалында талаада орок оруп, картошка эгип, кээ күндөрү ачка калган.

Зина апа да жаш кезинде эле турмушка чыгып, согуштун кыйын кырдаалдарына туш болгон. Согуш учурунда кой кыркып, орок оруп, эркекке таандык бардык жумуштарды жасап, кордук коргон күндөрүн эстеп көзүнө жаш алды. Ал 1947-жылы турмушка чыккан. Анда согуш жаңы эле бүтүп, бүткүл Советтер Союзунда тынчтык орногону менен элдин турмушу абдан эле оор абалда болгонун айтат.

«Ошол кездери ачкачылык, жокчулуктан да бир топ адамдар бул дүйнө менен кош айтышып кеткен», - дейт Зина апа.

Карып атанын да атасы согушка кетип кайтпай калган. Анын бир агасы, бир иниси жана жалгыз карындашы бар. Иниси да армияга кетип, ал жерден кырсыктап каза болгон. Карындашы да жаш чагында эле көз жумган. Ал карындашынан 4 бала калды. Ал эми бир тууган агасынын жарык дүйнө менен кош айтышканына 4 жылдай болуп калды. Энеси согуш учурунда жесир калып, 4 баланы жалгыз тарбиялаган.

Согуш маалында кыйынчылыктарды башынан өткөргөн каарман азыр балдарынын жана неберлеринин маңдайында бактылуу карылыктын доорун сүрүп жатат.

Карып ата 20 жашында атасынын жолун жолдоп,чабан болууну чечет. Ошол жылдары 1954-жылдар эле. Ошондон тарта «Ленин» колхозунда эмгектенип, ошол эле жерден ардактуу эс алууга чыккан. Дээрлик 40 жылдан ашык убакыт чарбанын малын талыкпай багып келген. Ал белгилегендей, адеп эмгек жолун баштаган жылдары кыйналганы менен жыл өткөн сайын тажрыйба топтоп, эмгекчилдигинин аркасында башкы чабан болуп, чабандык бригаданы жетектеген. Карамагындагы тубар койлордун ар жүзүнөн 115-140 козу алып, ар биринен 4 кг жүн кыркып, пландарды ашыгы менен аткарып турган.

Карып атанын иштермандыгы, эмгекчилдиги, кесипкөйлүгү бир катар мамлекттик сыйлыктар менен бааланган. Ал татыган «Октябрь революциясы», «Эмгек Кызыл туу» ордендери, Владимир Ильич Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата эмгектеги каармандыгы үчүн мааракелик медаль жана көптөгөн Ардак грамоталар — көп жылдык үзүрлүү эмгегинин натыйжасы.

Учурда балдарынын үчөө атасынын жолун жолдоп, мал асыроо менен алектенет.

Тизиле олтурган балдары ак сакал атанын кеңешин угуп, кабар алганы байма-бай келип турушат. Карып ата быйыл 89 жашка чыкты жана баскан-турганы тың. Кичүү уулуна мал чарбачылыгына да жардам берет.

«Ардактуу ата-апа, ден соолугуңуздар чың болсун. Сиздер элибиз, жерибиз деп бардык кыйынчылыктарга чыдадыңыздар. Сиздер бардык сый-урматка татыктуусуздар. Дөөлөттүү карылыкты камсыздап, бакубат жашоого шарт түзүп берүү биздин милдет экенин билебиз», - дешет балдары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×