Бөлүмдөр
Жума, 21-февраль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.01.2016 14:27

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн Барскоон айылынын тургуну темир уста К.Сүйүнбаев така чаап, айыл чарба шаймандарын жасайт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүздүн Барскоон айылынын тургуну темир уста Кубаныч Сүйүнбаев устачылык өнөрдү атасынан үйрөнгөн. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Ал бала кезинен бери темирден түрдүү техникалык шаймандарды жасоого кызыгып келген. 2013-жылдан бери айылдагы «Барс-с» муниципалдык ишканасына жумушчу болуп орношкон. Учурда темир уста күнүгө 10 атка така чабат. Устаканада иш тыным албай, айылдаштары темирден айыл чарба шаймандарын жасатып кетишет. Устанын айтымында, алардын баалары келишимдүү түрдө.

Ошондой эле ал 10дон ашуун техниканын тийиштүү тетиктерин жасоого да көмөктөшкөн. Кубаныч келечекте өзүнүн устаканасын ачуу максаты бар экенин белгилейт. Устанын иши жайы-кышы уланып, ал жасаган буюмдар дароо кардарларга жеткирилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×