Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-февраль
Ысык-Көл облусуТүп району 05.01.2016 13:55

Айыл турмушу: Түп районунун Тогуз-Булак айылында коңшу аялдар биригип жамаат түзүп, кызга сеп жасоо менен каражат табышат (фото)

Turmush -  Түп районунун Тогуз-Булак айылында «Көл жээги» жамаатына 10 адам биригип, кол өнөрчүлүк менен каражат табууда, деп кабарлайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жамааттын лидери Динара Качкынова жамаат «Кызга сеп» долбоорун жазып, былтыркы жылы айылды өнүктүрүү фондуна тиешелүү акчадан 100 миң сом алганын билдирди. «Бир септе 10 жууркан, 6 жер төшөк, 6 жаздыкча, көшөгө болот. Ушунун баары биригип 66 миң 100 сомго сатылат», - дейт ал. Анын маалыматы боюнча, бул буюмдардын материалына 45 миң кетип, 17 миң 650 сом пайда түшөт.

«Бир септи 20 күндө даярдайбыз, коңшу айылдардан да тапшырык беришет. Негизи орус жууркан 950 сом, кыргыз жууркан 1200 сом, жаздыкчылар 200-250 сомго бааланат», - дейт ал.

Жамаатта ар кандай курактагы аялдар бар. Алар бир көчөдө жашашат. Улуулар кичүүлөргө өрнөк көрсөтөт.

Турсун Нурбаева 1992-жылы «Кыял» фирмасынын бир филиалы ачылганда анда иштеп, калпак жасаганды үйрөнгөнүн кошумчалады.

Ал эми, Алмагүл Осмоналиева кол өнөрчүлүктү апасынан үйрөнгөнүн, ал өз кезегинде бул өнөрдү 3 кызына дагы үйрөткөнүн белгиледи.

Бул жамааттын фондунда учурда 35 миң сом бар. Андан сырткары, пескоблок жасаган станок сатып алышты. Жамаат мындан сырткары, 1 гектар 70 сотых жерди 50 жылга ижарага алып, теректин 3 миң түп көчөтүн отургузган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×