Бөлүмдөр
Жума, 21-февраль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.01.2016 11:00

Айыл турмушу: Мелдеш учурунда оор жаракат алган спортчунун жубайы: Мен Аманга турмушка чыгып жатып, аны майып арабасынан арылтып, өз алдынча бастырууну максат кылдым (фото)

Turmush -  18 жаштагы Тинатин чыныгы таза сүйүү бардык кыйынчылыкты жеңерине ишенет. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Тинатин Абдыманапова менен Аман Саламатов жаңы жылдын алдында үйлөнүп, Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында түтүн булата башташты. Алар мындан эки жыл мурун айылдаш ага-карындаш катары баарлашып жүрүшүп, жылдыздары келишип кыз-жигит болушкан. Аман келечектен көптү үмүттөндүргөн, ийгиликтерди байма-бай жараткан жаш спортчу, КРнын самбо боюнча курама командасынын мүчөсү, Каракол шаарындагы абройлуу жаштардын катарын толуктап келет.

Өткөн жылдын август айында болгон мелдеш учурунда Аман жүлүнүнөн оор жаракат алып, татаал операцияны башынан кечирген. Кыйынчылыктар менен күрөшүп жаткан Амандын жанында анын кара көздүү сүйүүсү Тинатиндин болгону ага дем бергенин айтат. Жаңы жылды бирге жакшылыктар менен тосолу деген илгери үмүт менен эки жаш жакында баш кошушту.

«Мен Аманга турмушка чыгып жатып, алдыма бир гана максат койдум: мен аны отурууга мажбур болгон майып арабасынан арылтып, бастырышым керек. Бул үчүн бүт аракетимди жумшайм. Мен тунук сүйүүм менен ага керемет тартуулап, бутуна сөзсүз тургузам», - дейт Тинатин.

Ал учурда Каракол шаарындагы медициналык окуу жайдын 1-курсунда билим алып, бош убактысын жубайынын ден соолугун чыңдоого арноодо. Тинатин интернет булактарынан укалоонун ыкмаларын, майып арабада отурган адамды машыктыруунун жолдорун үйрөнүүдө. Эки жаш башына түшкөн кыйынчылыктарды бирге жеңүү үчүн бүт күчүн жумшап жаткан учуру. Азыр алар бир гана үйдөн машыгуучу спорттук жабдыктарга муктаж.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×