Бөлүмдөр
Жума, 21-февраль
Ысык-Көл облусуКаракол 02.01.2016 13:15

Айыл турмушу: Караколдогу балатынын жанында Зита аттуу төө менен кызмат көрсөткөн кытайлык сүрөтчү (фото)

Turmush -  Кытайлык сүрөтчү Кубат мырза Зита аттуу төөсү менен Каракол шаарынын борбордук аянтында кардарларга кызмат көрсөтүүнү улантууда.

Turmush басылмасынын кабарчысы менен маектешкен Жети-Өгүз районунун Кытай айылынын тургуну Кубат мырза сүрөтчүлүктү көп жылдардан бери кесип кылат. Ал Жаӊы жылда өзүнүн Зита аттуу төөсү менен Каракол шаарынын борбордук аянтындагы балатынын жанында шаардыктарды жана меймандарды сүрөткө тартуу менен каражат табат.

«Төөнү Барскоон айылындагы досумдан алып келдим. Үч жылдан бери Караколго келип иштеп жүрөм. Төө менен сүрөткө түшкүсү келгендер көп. Ар сезондо 30-40 миӊ сомго чейин киреше таап алам. Чыгым аз болот. Төө үнөмдүү мал. Бир түк чөп жесе үч күнгө чейин эч нерсе жебей жүрө берет», - деди Кубат.

Ээсинин айтымында, Зита быйыл 37 жашта.

«Төө 100 жыл жашайт. Бул төө дагы далайды карытат», - деп кошумчалады Кубат мырза.

Зита менен сүрөткө түшкөн кардар 50 сом төлөйт. Кубат мырза сүрөттү шашылыш чыгарып берүү же жаңы жылдын календары менен жасап берүү кызматтары үчүн кошумча акча алат.

Сүрөткө түшкөн кардарлардын «эртең ушу жерде эле болосузбу?» деген суроосуна: «Жаӊы жылдык балатыны алып кеткиче Каракол шаарында болуп, январдын жыйырмаларына чейин төөм менен ушу балатыны кайтарам», - деген тамашалуу жооп узатып жатты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×