Бөлүмдөр
Жума, 21-февраль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 29.12.2015 11:47

Айыл турмушу: Ысык-көлдүктөр Кара-Ой айылында жашаган Ольга Калиниченко жасаган асем буюмдарды жаңы жыл алдында белекке алууда (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургуну Ольга Калиниченконун өз колу менен жасаган асем буюмдарын жаңы жыл алдында белекке алгандардын саны арбын.

Ольга айымдардын кооз билеригин, телефондордун каптарын шуру менен саймалап жасаса, үй ичинде кийүүчү чокойлордун түрлөрүн жиптен токуйт. «Мен узчулукту таенемден үйрөнгөм. Азыр шуру, түрлүү япон мончокторунан аялдарга тиешелүү буюмдарды жасап жатам. Бул иш менен алектенген мага абдан жагат. Жаңы жыл алдында жакындарына белек издегендер даяр буюмдарымды сатып алууда», - деп билдирди Ольга.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×