Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусу 28.12.2015 11:47

Ой-пикир: Нарындагы улуу курулуштун бүдөмүгү, - Күмөндөр Усуптегин

Turmush -  Ошентип өлкөдөгү негизги курулуштардын биринин эртеңки тагдыры арасат абалда калгандыгы ачыкталды. «Нарын дайра төрт жерден буулат» дейт, «Сууну тосконго Кургактын зоолору жараптыр» дейт, «Каналдар баланча гектар сугат жерди ээлейт экен» дейт, «Жаңы көпүрө Эчки-Аттамакка салынат» жана башка дейт-дейттерге 24-декабрь күнү өлкө башчысы алгачкы чекитти койду.

Кептин төркүнү Орусия Жогорку Нарын суу электр бекеттерин (ЖНСЭБ) курууга кур шылтоолорду  божурап калышкандыгы тууралуу бара жатат. Быйылкы жылдын башынан тарта ар кайсы мезгилде ар кандай коошпогон сөздөрдү айта башташкан орусиялык «лөк» энергетиктерге ишенбей калгандыгын президент ачыкка чыгарып, эми башка капчыктууларды издөө керектигин жарыя кылды. Бирок Орусия президентинин маалымат кызматы азырынча шашылууга негиз жок экендигин жооп кайтарды. Ал эми кырдаалдын келип чыгышы эң оболу ушул 2000-жылдардагы «Кыргыздын эң алгачкы улуу курулушу» атыккан Жогорку Нарын суу электр бекеттеринин салынышы жүрүп жаткан аймактардын жашоочуларынын көпчүлүгүн катуу кабак түйүүгө дуушарлантты.

«Биз келерки жылы миңдеген жумуш орундар менен камсыз болобуз жана биринчи суу электр бекеттеринен электр ала баштайбыз деп чоң үмүттө турганбыз. Айтор башыбыздан ылдый муздак суу куюп жибергендей эле дендароо абалда калдык», - деп муңкана баштады ЖНСЭБ курулушу жүрүп жаткан Нарын районунун Орток, Дөбөлү, Чет-Нура айыл аймактарынын айрым тургундары.

Айтор «болоору болду, боёсу калды» демекчи, ЖНСЭБдин келечек тагдыры бешенеде тургандыр. Бирок биз мындай чалкеш абалга кириптер болуунун себептерине кыскача баам салууну кеп кылсакпы деп турабыз.

Биринчиси албетте, Орусия Федерациясындагы учурдагы экономикалык абал. Канчалык бул мамлекет көкүрөк кагып, эл оозундагы кеп аркылуу айтканда өзүнүн дүйнөдөгү бирден бир «держава» экендигин көрсөткүсү келгени менен кудурети жылдан-жылга, айдан-айга, а түгүл күндөн-күнгө кетүүдө. Башка жагдайларды айтпаганда да, АКШ жана Европанын кыйла мамлекеттеринин киргизген экономикалык санкциялары Орусияны бир жагынан муунтса, экинчи жагынан Крымды кошуп алуу өлкөнү кошумча чыгымдарга кириптерлентти.

Аларга кошул-ташыл Түркия менен болгон алакадан соң далыга бычак урулушунан бул өлкө миңдеген долларлардан куру жалак калууда. Ушундан улам кечээки ыраматылык Союз заманындагы бир мыскыл эске түшөт.

Сталинге темир жол курулушу токтоп калды, белгиленген бекетке вагондор жетпей калууда, деген маалымат түшөт.

Сталин: «Планга киргизилдиби беле. Эгер киргизилсе, бүтүргүлө. Мен ошол күнү ачылышына барам», - деп айттырат. Айтылган күнү барса, баарысы ойдогудай.

Хрушевге да ушундай маалымат түшөт.

«Темир жолдун артындагыларын алып, алдына салып, жеткиргиле» , - деп тапшырма тагат.

Брежневге дагы ушундай кабар келет.

«Анда вагондорду ары-бери кыймылдатып тургула. Ичиндегилер өздөрүн жүрүп бараткандай сезишсин», - деген экен кайран Леонид атабыз.

Ошентип 2016-жылы Нарын-1 СЭБди ишке киргизебиз деп күпүлдөгөн «Рус-Гидро» ААКсы азыркы тапта Брежневдин тапшырмасындай арабөк абалда калгандыгы өткөн жылдын этегинде эле байкала баштагандыгын жергиликтүү талдоочулар кеп сала башташкан. Ал эми быйылкы жылы болсо ал жакта таптакыр жумуш токтоп калгандыгына биз да күбө болуп турганбыз.

Экинчиси өзүбүзгө, демек кыргыздарга байланыштуу болууда. Айрымдары кыргыздардын колунда 727 млн доллары жана СЭБ кура ала турган кадрлары болбосо кантип курулуш курмак эле деп чыгышы мүмкүн. Мында кеп акча каражатта эмес, кеп кесир кылууда.

Ата-бабаларыбыз байыртадан эле «Кудай урган оңолот, каргыш урган оңолбойт», «Бузулмак оңой, түзөлмөк кыйын» деп какшап келишкен. Чындыгында кыргыз элибиз, Ала-Тоо жерибиз эгемендик алгандан кийин өзгөрүлүүгө кириптерленди. Жакшы жагыбыз менен катар мурда кийин болбогон кайдагы ыплас адаттарды алдыңкы орунга алып чыктык.

Бир учурда өздөрүн сакалдуумун деп эсептеген аракеч дежур чал-кемпирлерди алдыга салып, алардын соңунан ажылдаган катындарды коё берип, артынан эркек өңдөнгөн сөрөйлөр кыйкырган адат пайда болгон эле. Мындай ыкма айрыкча бир мандаттуу шайлоолордо кеңири колдонулуп калган. Кийин кен чыккан жана курулуш курулган жайларда кандайдыр кыйкырыктар башкы орунга чыкты. Кайсы бирөөнү колдоп жол тосо калмай адаттан да толук арыла элекпиз. Бул өңдүү коркутуулардан, сөөмөй кезөөлөрдөн ЖНСЭБ дагы куру калган эмес.

2013-жылдын 12-июнунда президент А.Атамбаев «Рус-Гидро» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Е.Дод менен биргеликте курулушту баштоонун алгачкы аралашмасын салуу жараянына катышкандан кийин, курулуш кулач жайган. Шаарчанын кабат-кабат имараттары курулуп, бир нече компаниялар келип иш жүргүзө башташкан. 2014-жылда дагы курулуш кеч күзгө чейин токтоп калган жок. Бирок жергиликтүү элде сасык саясат жыттанган наалыган кептер тарай баштаган.

«Бул СЭБдер үчүн жерибизден ажырайт экенбиз», «Чаңдан малдарыбыз төл бербей калды, бээлер кулун салууда», «Оор жүк тарткан унаалар ары-бери өтүп, тамдарыбыз титиреп жарылууда», «Бизди жумушка албай, өздөрүнүн кшилери менен келишүүдө» жана башка ушул сыяктуу ылаң сөздөрдү айрым жергиликтүү тургундар күнүмдүк кепке айландырышкан.

Айрымдары түшүнүп-түшүнбөй эле, «СЭБдер салынбасын, токтотулсун» дегенге чейин барышкан. Эми минтип ЖНСЭБдин эртеңки болочогу бүдөмүк болууда. Демек СЭБ куруу керек же керек эместигин балким жогорудагы айрым «ач айкырыктар» түшүнүштү болду бекен? Деги кесир сүйлөгөндү качан токтотобуз?

Маалымат үчүн:  Жогорку Нарын суу электр бекеттерин куруу үчүн Кыргыз жана Орус мамлекеттеринин Өкмөттөрү 2012-жылдын 20-сентябрында макулдашууга барышкан. Аны ишке ашыруу үчүн ЖНСЭБ жабык акционердик коому түзүлгөн. Коомдун уставдык капиталы 50-50% өлчөмүндө эсептелип, чыгым 727 млн доллар деп бааланган. 2012-жылдын 27-октябрь күнү президенттин катышуусунда эң алгачкы эстелик белги, ал эми 2013-жылдын 12-июнь күнү жумуштун накта башталышы катары эң алгачкы аралашма салуу жараяны өткөрүлгөн.

Жалпысы 4 суу электр бекети курулуп, алардын алгачкысы 2016-жылы, акыркысы 2019-жылы бүткөрүлмөк болгон. Каскаддын жалпы кубаттуулугу 237,7 МВт болуу менен бир жылда төртөө 942,4 млн кВт/саат электр кубатын өндүрүп чыгармак.

                                Жазган: Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу

                         Автордун грамматикасы жана жазуу стили сакталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×