Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусу 24.12.2015 10:05

Ой-пикир: Нарындыктарга карышкырдын кол салуусу, - К.Усуптегин

Turmush -  22-декабрдан тарта мүлдө кыргыз кыйырына алыскы кыштактан эки адамга карышкырдын кол салгандыгы угулду. Бирок мындай окуя биринчи эле жолу болуп жаткан жок. Жакынкы өткөн жылдарда ушул эле Нарын районунун Шоро айылында жана Чаткалда, Базар-Коргондо, Кадамжайда карышкырдын адамдарга кол салган учурлары болгон. Быйыл болсо жай мезгилинде мындай опурталдуу окуя Лейлек районунда кайталанган эле. Эми минтип Нарын районунун алыскы Орук-Там кыштагында орун алууда. Демек бир учурда адамга кол салмак тургай, малды араң жегенге жараган карышкырлар эртең кайсы жерден дагы коомго бүлүк салат болду экен? Демек мындай көрүнүштөрдү мамлекеттин жана дегеле коомчулуктун кенебеген кенемтеси деп баалоого болобу? Айтор суроо артынан суроолор.

Нарындын алыскы Орук-Там айылын аралап кирген карышкыр эки жашоочуга кол салды

Нарындын алыскы Орук-Там айылын аралап кирген карышкырлар кол салган жашоочулардын сүрөтү

Орук-Тамдын тургундары 56 жаштагы Бейшебай Турганбаев менен 30 жаштагы Каныкей Султанбаева учурда Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүндө дарыланышууда.

«Карышкыр экөөнүн тең сол колдорун тиштеген. Бактыга жараша сөөктөрү таза. Терилер болсо чайналган. Бизге келип түшкөндөн бери антирабикалык вакциндер менен дарылоо жасалууда», - деп билдирди дарыгер Жумабек Маматбеков.

Ал эми Нарын районунун акиминин биринчи орун басары Нурлан Абакиров окуя угулган 22-декабрь күнү түштөн кийин ыкчам аракетте штаб өткөрүп, тиешелүү кызмат адамдардын курамы түндө Орук-Тамга жиберилгенин, кечээ, 23-декабрда артынан 5 адамдан турган аңчылык топ да жөнөтүлгөндүгүн белгиледи.

«Алдын ала маалыматтар боюнча карышкыр эки адамга кол салгандан тышкары 15 койду, 3 тайды, 1 жылкыны, 1 уйду да тиштеген. Бирок бүгүнкү күндө карышкырлар өлтүрүлдү», - деди Н.Абакиров.

Жабырлануучу Б.Турганбаев окуяны мындайча баяндап берди.

«Дайыма саат алтыда мектепке барып от жагып турам. 22-декабрь күнү деле ошол убакта сыртка чыгып жумушка жөнөгөм. Негедир иттер үрүп жатышыптыр. Аңгыча чөп короонун бурчунан өтө бергенимде эле карышкыр секирип качырып калды. Булгаары калың күрмөчөн болгондуктан сол колумду тостум. Экөөбүз тирешип туруп калдык. Анан акырындык менен ылдыйлатып көтөрүп чаап, акыры жерге жыктым. Болжолу 20 мүнөттөй кармаштым окшойт. Бир маалда колум карышып калды. Ошондон кийин бошонуп качып кетти. Кадимки эле көк карышкыр экен», - деген Бейшенбайдын оң колу да бир аз тытылып калыптыр.

Ал эми Каныкей карышкырга саат 7:30 чамасында кабылган.

«Дааратканага кирип бара жатканда колуман тиштеди. Анан эшикти жаап коргонгонго аракет кылдым. Бир маалда өзү эле оозун ачып, колумду бошотту. Мен даараткананын эшигин жаба салдым», - деди Каныкей.

Бул эки жабырлануучулардын үйлөрүнүн аралыгы болжолу 350-400 метр жерде экен. Бирок Каныкей карышкырдын өңү шыпыргыдай саргыч экендигин айтат. Кутурган бөрү бирөөбү же экөөбү? Айылчы аттуу тургундун итин талап жана Калысары деген адамдын жайылып турган жуулган кийимдерин да тытмалап жерге түшүргөнү айтылууда.

                                Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу

Автордун грамматикасы жана жазуу стили сакталды.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×