Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусу 23.12.2015 17:07

Ой-пикир: Кызматтан алуу учурунда ооруп калуу — адат, салт болуп калды, - Жаныш Осмон, Нарын облусу

Turmush -  Нарында жетекчини кызматтан алуу учурунда соо туруп ооруп атам дегендери менен басып жүрүп кокустап алгандары көп. Бирөөнү кызматтан алыш да, аны кызматка коюш да азыр кыйын эмес, эгер жогору жагыңда кишиң болсо «кресло» сеники.

«Үйүңдү үч көтөрүп атса деле, үйдү ойлогон киши жок», - демекчи сөз мааниси бул жетекчилердин кызмат абалы каралып жатканда алардын ооруп калуусу качан токтойт?. Өкмөт эмне силерге оюнчукпу же мекеме силерге менчик үйүңөрбү?. Макул тартип чара берилди, сөгүш берилди, андан кийин кызмат абалы каралуу мезгилинде ооруканага жатып алуу бул — адат, азыркы заманбап салт жана жөрөлгө.

Базарчың деле байманап...

Акыркы жылдары билимге карабай кызматка алуу абдан күчөдү. Анын катарында тракторист барып айыл өкмөт болсо, койчуң барып ветеринар, ырды жакшы ырдаганың музыкадан сабак берет. Базарчың барып дубан башкарса, мугалимиң же ишкериң аким болуп отурат. Юристтер сабак берип калганда, пенсиядагы чал-кемпирлер кызмат талашып урушушат.

Азыр мамлекеттик кызматта жетекчилер иштегенге алдары жок, эптеп келмей кайра кетмей. Айылдарда айыл өкмөттөрүң түшкө чейин иштесе сүйүнөт, иштебесе эртең менен 10до бир келет да 11 де кетип калат. Калганын үйдөн өткөрөт. Ошондой эле билим берүү жаатында мугалимдер балдарга тарбия берүүнүн ордуна, мектепте косметика каражаттарын сатып оокат кылып калышкан. Ал эми пенсияга чыккан мугалимдер жаштарга орун бербестен арыздануу менен коркутуп иштеп келишет. Алар сабак өтүүдөн чарчап калышкан, тапшырма берип, сыртка чыгып кетүү ал мугалимдер үчүн адат, жат көрүнүш эмес.

Ал эми айылдарда арызчылдардын заманы

Айылда арызды ким жазса, кимдин үнү катуу жана догурунма болсо ишиң бат бүтөт жана бекер акча чогултмай адатында. Болбосо пенсияга чыккандар карыганда эриккенден бир адатты жөндөп алышкан. Азыр ар бир 3чү адам арызчы жана ар бир 5чи адам өкмөткө нааразы. Болбосо өкмөт өзүн эптей албай жатканда элдин курсагын ким тойгузмак эле?...

Жетекчинин жең ичи же ортодо кыпчылган кызматкер

Ал эми кызматка кирүүдө билимиң жок болсо деле жогору жакта тууганың кызмат кылса же чоң болсо анда болду, көздөгөн кызматыңды ал да башкарып отуруп кал. Ич, же тоюн. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын алуу үчүн райондук бийликтин күчү жетпесе, облустук бийлик кызматтан алуу чарасын анын ооруп калганына шылтайт. Ал эми мектеп директорун же бала бакчанын директорун кызматтан алуу сунушун райондук билим берүү бөлүмү жиберсе, алардын кишилери жогору жакта иштейт.

Тийбе, кызматыңдан кетесиң принциби...

Ооба эгер сүйлөсөң кызматтан өзүң кетесиң, айла жок көз жумуп коймой. Ушул адаттарды качан токтотуп элге, жерге качан кызмат кылабыз. Же ушинтип бири бирибизди басмырлап, тууганчылдык, же тааныштык кылып чоңдорду чортоңдото беребизби?

Автордун грамматикасы жана жазуустили сакталды.
                                          Жаныш Осмон, Нарын облусу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×