Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Адистин кеңеши: Уулануунун алдын алуу үчүн үй шартында жасалган салаттарды көп колдонбоо керек

Turmush -  Жалал-Абад шаардык ОАА жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Салимбек Самарканов элди консервацияланган азыктарды пайдаланууда этият болууга чакырууда.

Анын айтымында, жашоочулар негизинен үй шартында даярдалган кышкы салаттардан, мөмө-жемиштерден жасалган компоттордон ууланат. Ошондуктан мөмө-жемиштерден, эттерден үй шартында концервация жасоодо өтө этият болуу зарыл.

«Ботулизм оорусунун клиникасына же бул ооруга чалдыккан адамдын абалына токтоло турган болсок, оорунун белгилери ууланган концервацияны жегенден кийин 6 жана 36 сааттан кийин башталат. Бул медицинада инкубациялык мөөнөт деп айтылат. Биринчиден адам кусат, ашказаны ооруп, ичи өтөт, башы ооруп, башы айланат, оозу кургайт, көзү жакшы көрбөй караңгылайт же бир нерсе көзүнө экөө болуп көрүнөт, көз булчуңдары начарлап, көзү жумулуп ачылбай калат. Тамак-ашты чайнап жутуусу кыйындайт, ошондой эле моюн жана буттун булчуңдары начарлайт. Кээде моюн булчуңдары начарлаганда адам башын кармай албай калат.

Уу заттар борбордук нерв системасында көп топтолгондо адам сүйлөй албай жана дем алуу системасы бузулуп, дем алуусу оорлойт. Эгерде бул ооруга чалдыккан адамга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөсө анда аягы өлүм менен бүтөрүнө шек жок. Ошондуктан кокусунан жаныңызда жүргөн адамдарда жогоруда көрсөтүлгөн оорунун белгилери байкалса тез арада дарыгерлерге кайрылуу керек. Ал жерде тез арада оорулуунун ашказанын атайын суюктуктар менен жууп тазалайт», - дейт дарыгер.

Жогорудагы фактылардан улам адистер үй шартында жасалып, жабылган бадыраң, помидор, баклажанды көп колдонбоого чакырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11945
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×