Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Ой-пикир: Тамекини сүткө чылап ич, тартпай эле чайнап-чайнап жеп ал!, - А.Сагыналы уулу, Ак-Талаа району

Turmush -  _DSC0619

Тамекинин кутусунун сыртындагы сүрөттөн улам, бир ой пайда болуп, адатымча отура калып макала жазууга туура келди. Анткени, буга чейин тамекинин кутусунун сыртында Саламаттыкты сактоо министрлигинин эскертүүсү жазылып тургандыгына карбастан, тамеки тартууну адатка айлантып алганыбызды кантели? Мындан улам, куудул Күмөндөр Абылов агабыздын бул туурасындагы сатираны эрксизден эсиңе аласың. Анткени ал агабыз айтат эмеспи, «тамеки тартуу ден соолугуңузга зыян, - деп жазылып турса, биз аны окуйбуз, окуп жатып кутунун ичинен тамекини алып чыгып, жанталашып тартабыз» - деп. Чын эле ушундай да.

Эскертүү жазуусунан натыйжа чыкпай калдыбы, айтор, эми сыртына тамеки тартып, ден соолугун талкалап, ооруп жаткан адамдын сүрөтүн коё башташты. Бул эң туура эскертүү болуптур.

Негизи эле адам баласы өзүбүзгө өзүбүз душман окшойбуз. Тамекинин канчалык зыяндуу экендигин, тамеки тартуудан эмне деген гана ооруларга чалдыгарыбызды билип туруп, аны кыйратып бир иш кылып жаткансып бала-чакалардын көзүнчө соройто тиштеп алып, көк түтүнүн көккө үйлөп, көчөдө, коомчулуктун арасында дардайып турабыз. Өзүбүздүн ден соолугубузга өзүбүз душман болуп.

Биринчиден – тамеки тартуу ден соолукка терс таасирин алып келчү зат тура. Атын атасаң тилиң сынчудай болгон оорулардын баары ушунун азабынан чыгат. Андан ары өлүмгө алып барат, деп айтылып эле жүрөт.

Экинчиден – үй-бүлөлүк бюджетке бир топ чыгымдарды алып келет. Мисалы, 1 куту тамеки учурда орто эсеп менен 50 сом турат. Күнүнө бир кутудан тартсаң, 1 айда 1500 сом, 1 жылда 18 миң сом каражат ушуга сарпталат.

Үчүнчүдөн – экологияга, айлана-чөйрөгө зыян алып келет. Алсак, айылбы, шаарбы аралап басып көр, бүт эле тамекинин калдыгы. Ал эми бул таштандыларды тазалоого канчалаган каражат сарпталууда. Мындан тышкары экологияга эбегейсиз зыян алып келип жатат.

Эки адам сүйлөшүп жатканына күбө болуп калдым. Бири тамеки тартпайт, бири тартат. Тамеки тартпаганы, тамеки тарткан адамга кайрылып жатат.

- Ушул сасыган немени тарпай эле койбосуңбу десе, тамеки тартканы жооп берип жатат, «кайфын» билбейсиң да, бул «кайф да» - деп, огобетер дембе-дем соруп, түтүнүн көккө үйлөп жатпайбы.

Тамеки тартпаган адамдын жини келе түштү окшойт, бирок, анысын билгизбегенге аракет кылып, тамаша иретинде «мага десең сүткө чылап алып ич, тартпай эле чайнап-чайнап же. Сырткы кутусу менен кошо же!» - дейт. Бул сүйлөшүүлөрдү уккандар аргасыздан каткырып калышты.

Дагы бир окуя эске түшө калды. Бул деле ушундай окуя. Бири тамеки тартпайт, бири тартат. Экөө теңтуш. Айылда дагы бир окуя болуп, сүйлөшүп турса, берки тамеки тарткан досун карап турса, такыр тамеки тартпайт. Анан, досуна кайрылып;

- Сен не тамеки тартканды таштагансыңбы? – деп суроо салат.

Анда беркиниси кебелбей туруп, «биз сасыган тамекини таштап, таза насвай чегип калганбыз» - деп жооп берип жатпайбы, тигинин тилинин кычуусун карматып.

Мындай жоопту күтпөгөн досу; - экөөбүз качан оозубузга таза нерсе салчу элек, – деп тигини мыскылдай карайт кайра.

Чын да, насвай не тазабы, капкайдагы балакеттердин кошулмасы менен жасалат экен, а биз кочуштап алып оозубузга салып, «ырахат» алат экенбиз.

Мына ушундай окурман. Көрсө, адам баласы кээде айбандар дагы жасабай турган ишти жасап коюп, анан адамбыз деп басып жүрөбүз.

                 Жазган: Адилет Сагыналы уулу, Ак-Талаа району
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5749
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×