Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Ой-пикир: Чыга турган сөз эле, чыгып жатат өзү эле..., - А.Сагыналы уулу, Ак-Талаа району

Turmush -  Чындык – бул булак десек жаңылган болбос элек. Анткени булак жер алдындагы эң таза мөлтүр суу экенин билебиз. Бирок жер алдындагы суу бир күнү бир жерден сызылып агып чыгат. Чындык дагы ушундай. Канчалык жандалбастап жаап-жашырганың менен акыры бир күнү айтылат. Болгон айырмасы бири чындык, бири булак.

Айтайын дегеним, акыркы учурда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Баткен жана Нарын облустарынын райгезиттерин жоюу же алардын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча айрым бир тар чөйрөдө ар түрдүү пикирлер айтыла баштады. Бири жапканга болбойт, райондун маалыматтарын элге райгезиттердей бир дагы жалпыга маалымдоо каражаттары жеткирип бере албайт, облустук гезиттерге маалыматтарды жеткирүү кыйын деген ач айкырык, кур сүрөөндөр башталып турат.

Ырас, көпчүлүк журналисттер, анын катарында мен да райгезиттерде иштеп, такшалдык. Кыргызда «Суу ичкен кудугуңа түкүрбө» деген кеп бар эмеспи, анын сыңарындай райгезиттердин ишмердүүлүгүн сынга деле алгыбыз келбейт. Бирок, «медалдын эки бети бирдей эмес» дегендей, чындык жагына келе турган болсок, ырас, райгезиттер айына бир жолу чыгат. Анысы аз келгенсип 1 миң нускага дагы жетпейт. Арийне, райгезиттер айына бир жолу чыгып, маалыматтар «эскирип», «сүрсүп» кеткенде окуйбуз, деген сын-пикирлер коомчулукта көп айтылат. Буга райгезиттердин редакторлору чычалабаш керек, анткени бул чындык да.

Туура, райгезиттерди жаап, облустук гезиттерди күчтөндүрүп жана ар бир райондон толук кандуу кызматтык штат бирдиги менен 1-2ден кабарчыларды алыш керек. Адамды таң калтырып сүйлөгөндөрү дагы бар.

Кудайга шүгүр, азыр интернеттин заманы. Маалыматтар электрондук почталар аркылуу 5-10 секундада жетет. Анын үстүнө облустук гезиттердин барактары дагы көбөйөт, көлөмү көбөйөт деген менен барабар.

Дагы бир жагдайы учурдун заманында коомчулук маалыматтар менен интернет сайттар аркылуу эле таанышып, окуп, билип алат.

Кыскасын айтканда, чындыгында райгезиттердин абалы эт менен челдин ортосунда. Райгезиттерди жабабыз, «Сынамак» долбоору, балким жаппай эле күчтөндүрөбүз деп, министрлик өзү дагы так бир чечимге келе албай эмне болуп жатышат түшүнбөйсүң. Жоёбуз дегенден кийин так кесе айтып, буйругун буйруп, токтомун токуп ары же бери кылып иштин аягына чыгышпай эле, улам бирди айта бергендери дагы туура эмес.

Маалкатып жүрө бербей, чечкиндүү аракеттерди кылыш керек эле. Ырас, райгезиттерди жоёбуз дегени туура. Муну кабыл алыш керек. Арийне, райгезиттер мекеме-ишканалар, мектеп, бала бакчаларга, айыл өкмөттөргө жазылуу аркылуу гана таратылат. Ал эми карапайым калк дээрлик окубайт. Бул дагы – чындык! Туура, ким окуйт. Айдын башында болуп өткөн бир окуяны жазсаң, гезит айдын аягында чыгып келет. Ал эми болуп өткөн окуя туурасында эл эбак эле угуп, билип алган болот.

Ошондуктан, райгезиттердин ишмердүүлүгүн токтотуу, облгезиттерди күчтөндүрүү реформасы бир топ пайдалуу. Министрлик туура иш баштады. Бир гана жери чечкинсиз мамиле болуп жаткан сыяктуу. Эгер жабууга кудуреттери жетпей жатса, анда райгезиттерди күчтөндүрсүн. 7-8 кабарчы, дизайнер, фотограф, корректорлук штаттарды ачып берсин.

Кедейдин кепесиндей болгон имараттарды оңдоп-түздөп берсин, айлык-маяналарды көбөйтсүн, жума сайын чыгып тургудай каражаттарды бөлсүн, бирок ушу менен эле өсүп, өнүгүп, окурмандары көбөйүп кетеби?. Эч качан көбөйбөйт!. Анткени буга чейинки муундун өкүлдөрү гезит окушчу, азыркы жаштар маалыматты интернет аркылуу окуп алышат.

Буга чейинки муундун өкүлдөрүнүн арасы улам суюлуп бара жатпайбы. Анан гезиттерди ким окуйт?. Бул замандын өсүп-өнүгүшүндөгү көрүнүш. Улам эскилери пайдалануудан чыгып, жаңыланып туруу процесси дегенди билдирет. Эгер туура түшүнгөн пенде болсо...

                  Жазган: Адилет Сагыналы уулу, Ак-Талаа району

Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3837
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×