Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Нарын

Ой-пикир: Чычкан аке суу берчи! - А.Сагыналы уулу, Ак-Талаа району

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун 12 миңден ашык калк жашаган Баетов айылында таза суу таңсыктыгы көптөн бери көпчүлүктүн көмөкөйүндөгү көйгөйү болуп келгени менен чоңдор үчүн көмүскөдө калып, көлөкөдө жүрүп келет. Башка өңүттөн алып караганда, аталган айылдын эли таза сууга муктаж болуп, таза суу эң чоң көйгөйлөрдүн бири болуп, эл бийлик эгелеринен кудум эле жомоктогудай «чычкан аке суу берчи» деген деңгээлде десек ашыкча болбос.

Сөз соболун башынан баштай турган болсок, биз кеп кылып жаткан айылга таза суу СССР деген сүрдөөлөт өлкө күркүрөп өнүгүп турган кезеңинде 1960-жылы курулган. Ошол кезде 75 суу чоргосу орнотулуп, жер алдына 20,5 чакырым суу түтүкчүлөрү жайгаштырылган.

Кийин, 1990-жылы бул иш кайрадан калыбына келтирилип, 9 чорго, 2 чакырым 500 метр суу түтүкчөлөрү кошумча коюлат. Аны менен 23 суу чорго, 84 чакырым суу түтүкчөлөрү аркылуу элге таза суу жеткирилген. Бирок учурда алардын элге пайдасы тийип жатабы же жокпу?... Кептин баары ушунда.

Мына ушул СССРден эстеликке калган, жедеп эскилиги жеткен оокатың учурдун көйгөйү болуп келүүдө. Анткени, жогоруда саналган 23 суу чоргонун алтоо гана иштеп, 84 чакырым суу түтүкчөлөрүнөн 7,5 чакырымы менен гана суу жүргүзүлүп, 12 миң калк таза сууга жетпей, айылдын сыртындагы булактардан суу ташып ичип келгени ырас. Андан бери калктын саны бир топ эле өстү. Ал кезде калктын санына жараша таза суу берилген.

2013-жылы «Баетов таза суу» ишканасынын жетекчилигине Съездбек Мамбетов келип, акыркы аракеттерди, мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, 12 суу чоргосун ишке берет. Башкача айтканда 12 миң калк 18 суу чоргосунан суу алып ичет дегенди билдирет. Ошондо дагы таза суу 3-4 саатка гана берилет. Кезекке туруп суу аласың, жетишип алсаң алдың, албасаң суусуз каласың дегенди билдирет. Бул элдин эбегейсиз чоң көйгөйү эмей эмине!

Бул го бул! Таза суу жетпегени аз келгенсип, баягы эскилиги жетип, чирип калган жер алдындагы таза суу түтүкчөлөрү кыш мезгилинде ар кайсы жеринен жарылып, тешилип, көчөлөрдү муз каптап, кыштын кыраан чилдесинде тоңгон жерди казып, баткак суусун тазалап, тешилген жерин жамап, бүтөп туруу аталган ишкананын кызматчыларына деле оңой болуп жаткан жери жок.

Бул туурасында депутаттарга деле, министрлерге деле кайрыла берип калктын тили тешилди го чиркин! Алтургай жергиликтүү тургундар 1 млн сомдон ашык каражат чогултуп, бул каражат учурда банкта сакталып турганы дагы ырас.

Элге таза сууну кантип толук жеткирүүгө боло тургандыгы боюнча «Баетов таза суу» ишканасынын жетекчиси Съездбек Мамбетов буларга токтолду: «Айылдын башындагы суу топтоочу жайды дагы 4 чакырым аралыкка кеңейтүү зарыл. Таза суу түтүкчөлөрүн толугу менен жаңыртуунун натыйжасында эл толук кандуу таза суу менен камсыз болот. Минтип кыштын ызгаар суугунда суу түтүкчөлөрү жарылды. Аларды жамоо бизге бир топ түйшүктү жана кыйынчылыкты алып келип жатат. 16-декабрда бир эмес 3 жеринен жарылып, 3 көчөнү суу каптады».

Ооба, бул көйгөй чечилбей, маселеге чекит коюлбай келет. Элдин эң биринчи талабы дагы, нааразычылыгы дагы ушул!

Ошентип элдин тилеген тилеги, үзүлбөгөн үмүтү, күткөнү эле «качан, кайсы убакта таза сууга болгон муктаждыгыбыз чечилип, таза суу таңсыктыгынан арылабыз?» деген суроо менен коштолуп, күдөрлөрүн үзбөй, жыл сайын бийликтен үмүт кылып жашап келишет.

Болбосо, Баетов чоң бир райондун борбору экенин эсиңиздерге дагы бир жолу салып коёлу.

Ак-Талаанын Баетов айылында таза суу түтүкчөлөрү жарылып, 3 көчөнү суу каптады (фото)

Жазган: Адилет Сагыналы уулу, Ак-Талаа району

Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5123
Көп окулду
×